Кыргызстан менен Монголия аскер тармагында кызматташтык мамилелерди түзүүдө

Окуялар тизмеги 16 Фев 2020 15:43
0 ой-пикир

Жогорку Кеңеште КР Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы аскер тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлайт.

Макулдашуу Кыргызстан менен Монголиянын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда эки тараптуу аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында даярдалган жана кол коюлган.

Эки тараптуу макулдашуу төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну камтыйт:

  1. Аскедик-техникалык кызматташуу.
  2. Аскердик өнөр жай.
  3. Аскердик билим жана технология.
  4. Тынчтыкты сактоо иш-аракети.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.