Бишкек аймактык башкармалыгынын Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун (ФОМС) жетекчиси Болот Момбеков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Момбеков сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында 31-мартка чейин үй камагында болот.
Эске сала кетсек, Финансы полициясы Момбековду 1800 евро (143 миң сом) пара алып жаткан жеринен кармаганын маалымдаган.
Жетекчи чет өлкөгө жумушка бараткан адамга медициналык аныктама жана башка документтерди даярдап бериш үчүн андан акча талап кылганы аныкталган.