ВИДЕО: Бишкек ФОМСтун жетекчиси пара менен кармалды

Окуялар тизмеги 31 Янв 2020 16:55
0 ой-пикир

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Бишкек аймактык башкармалыгынын Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун (ФОМС) жетекчиси 1800 евро (143 миң сом) пара алып жаткан жеринен кармалганын маалымдады.

Финполиция шектүү жетекчи чет өлкөгө жумушка бараткан адамга медициналык аныктама жана башка документтерди даярдап бериш үчүн андан акча талап кылганын билдирди. 31-январда Биринчи май райондук сотунда шектүүнүн бөгөт чарасы каралат. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.