Жаңы партиянын бет ачары болот

Окуялар тизмеги 31 Янв 2020 17:32
0 ой-пикир

Кыргыз либерал демократиялык партиясы «Жаңылануу мезгили» бет ачарын өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Кыргыз либерал демократиялык партиясы (КЛДП) «Жаңылануу мезгили» бет ачарын 2020-жылдын 2-февралында «Асанбай» маданий борборунда өткөрөт.

Жаңыланган саясий топтун миссиясы, багыты ж.б. жөнүндө бардык маалыматтарды лидерлер – Сейтек Качкынбаев, Эльдар Абакиров, Жанар Акаев айтып беришет.

Иш — чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук-саясий ишмерлер жана тилектеш жарандар катышары айтылды.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Кыргызстанда прогрессивдүү жаштардын партиясы түзүлүп жатканын жарыялаган. Депутаттын айтымында, партия Бишкекте жана Ошто кеңсе ачкан.

Жанар Акаев билимдүү, прогрессивдүү жаштарды партиянын катарына кошулууга чакырган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.