Жанар Акаев: Прогрессивдүү жаштардын партиясы түзүлүүдө. ВИДЕО

Окуялар тизмеги 28 Янв 2020 14:35
0 ой-пикир

Кыргызстанда прогрессивдүү жаштардын партиясы түзүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев «Фейсбуктагы» жеке баракчасында жарыялады.

Депутаттын айтымында, партия Бишкекте кеңсе ачты, 28-январда Ошто ачылган кеңседе жолугушуу өтөт.

«Жаңы жүздөрдөн, билимдүү, прогрессивдүү жаштардан куралган жаңы партиянын бет ачарын өткөрөбүз. Таза, жаңы Кыргызстанды куруу ниети бар жарандарыбыздын баарын бизге кошулууга чакырам»,  — деди Акаев.

Партия жакынкы күндөрү уюштуруу съездин өткөрүүнү пландап жаткандыгы айтылды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.