Ош шаарынын бюджети бекитилди

Окуялар тизмеги 27 Янв 2020 16:34
0 ой-пикир

Ош шаардык кеңешинин XXV сессиясында шаардын казынасы 1 млрд. 325 млн. 613 миң сомго бекитилди.

Ош шаарынын вице-мэри Саибжан Турдуев бюджеттин долбоору боюнча маалымат берди. Ага ылайык, 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү өткөн жылдын бюджетине салыштырмалуу 117,6% көтөрүлгөн. Быйылкы жылга белгиленген бюджеттин 32,2% турак жай жана коммуналдык чарба, 29,7% билим берүү тармагына бөлүндү.

2018-жылы шаардын бюджети 940 млн. сом, 2019-жылы 1 млрд. 127 млн. сом менен бекитилген.

Буга чейин Ош шаарынын 2020-жылга карата бюджети коомдук угууда талкууланган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.