Ош шаарынын 2020-жылга карата бюджети коомдук угууда талкууланды

Окуялар тизмеги 24 Янв 2020 11:49
0 ой-пикир

Ош шаарынын 2020-жылга карата бюджети коомдук угууда талкууланды.

Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Акбарали Батыров, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, бей өкмөт уюмдардын, ММК өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Коомдук угууда Акбарали Батыров Ош шаарынын 2020-жылга бюджети, 2021-2022-жылдарга болжолу тууралуу маалымат берди.

Ал эми шаар тургундары комиссиясынын мүчөлөрүнө оозеки жана жазуу түрүндө сунуш пикирлерин, суроолорун беришти. Коомчулуктан келген суроо, сунуш-пикирлер Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында эске алынаары айтылды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.