Коронавирус: Кытайда илдетке чалдыккандардын саны 571ге жетти, 17 адам каза болду

Аалам, Окуялар тизмеги 23 Янв 2020 10:16
0 ой-пикир

Кытайда коронавирустун жаңы түрү менен ооругандардын саны 571ге жетти. Алардын ичинен 95 адамдын абалы оор деп бааланууда. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейин 473 адам ооруну жуктуруп алса, 17 адам каза болгону айтылган.

Аталган вирус Кытайдын 25 провинциясына жана шаарына тараган. Каза болгондордун бардыгы 65 жаштаг жогору болгон.

Коронавирустун жаңы түрүнө чалдыккан бир адам Гонконг, Макао, Тайванда аныкталган. Ал эми аталган илдетти жуктуруп алган учурлар АКШ, Түштүк Корея, Япония, Тайландда катталган.

Медициналык кароодо илдетке чалдыккандар менен тыгыз байланышта болгон 4928 адам бар.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жоктугун билдирген.

Ошол эле учурда, Кыргызстандын Кытай менен чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө жайларында санитрадык-эпидемиологиялык пункттда термографиялык камералар орнотулганы айтылган. Термографиялык камера адамдын температурасын (инфекциялык оорулардын болушу мүмкүндүгүн) аралыктан аныктайт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.