Санэпидкөзөмөлдөө департаменти : Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок

Окуялар тизмеги 22 Янв 2020 13:15
0 ой-пикир

Кыргызстандын Кытай менен чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө жайларында санитрадык-эпидемиологиялык пункттар иштеп, термографиялык камералар орнотулду. Бул тууралуу Оорулардын профилактикасы жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымында, мындай чаралар «Эркечтам», «Торугарт» өткөрмө жайларында жана Бишкек менен Оштун аэропортторунда көрүлгөн.

«Термографиялык камера адамдын температурасын (инфекциялык оорулардын болушу мүмкүндүгүн) аралыктан аныктайт. Эгер экранда адамдын температурасы көтөрүлгөн болсо, аны эпидемиологдор текшерип, анда инфекциялык оору болушу мүмкүн экендигин карашат. Кокус, ал тастыкталса, бейтап стационарга жаткырылат», — деди ал.

Ал белгилегендей, учурда өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок.

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Кытайдын жарандарынын жана товарларынын киришине чектөө коюуну сунуштай элек. Ошондой эле эртең Кытай Жаңы жылды майрамдап жатканына байланыштуу чек араны жабат. Бизде кошумча чараларды көрүүгө убакыт болот», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети 2019-nCoV вирусу кишиден кишиге жугушу ыктымал экенин тастыктады. Бул өлкөдө өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан төрт киши көз жумду. Илдетти жуктуруп алгандарын көбү Ухань шаарынын жашоочулары. Бул арада Шанхай, Пекин шаарларында жана Гуаньдун провинциясында да ооруга чалыккандар аныкталды. Алардын баары Уханга барышкан.

Кытайдан тышкары Таиландда, Японияда жана Түштүк Кореяда жалпысынан 220 адам бул белгисиз вирусту жугузуп алганы маалым болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.