Өзгөчө оор кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарган судья кызматынан бошотулду

Окуялар тизмеги 17 Янв 2020 13:58
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда, жергиликтүү судья Айнура Сулайманованы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулаймановага карата ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндөгү сунуштамасы менен президентке кайрылышкан.

Тартиптик жаза колдонуу өндүрүшүн козгоого Ош облусунун прокуратурасынын тартиптик чара колдонуу тууралуу сунушу негиз болуп, анда судья Айнура Сулайманова баңги затка байланышкан өзгөчө оор кылмыш менен айыпталган адамдын кылмыш ишин кароосунда, иштин жагдайларын толук изилдебей туруп, ага карата иштин материалдарында тиешелүү соттук экспертизасынын корутундусу жоктугуна карабастан, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтом чыгарганы негиз болгон.

Жыйынтыгында жогору турган сот инстанциясы чыгарылган соттук актыны жокко чыгарды.

Ишти кайрадан кароонун натыйжасында соттун өкүмү менен айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 1100 эсеп көрсөткүчү өлчөмдөгү айыпка кириптер кылуу менен 10 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы берилген. Бүгүнкү күндө аталган өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген.

Прокуратура органынын сунушун кароонун жыйынтыгы менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судья Айнура Сулаймановага карата судьялык кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартиптик чарасын колдонуу чечимин чыгарган.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко сот уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, «Казак» деген каймана аты менен белгилүү Умар Маратовду үй камагына чыгарганын сынга алган.

Эл өкүлү парламенттин 16-январдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө бийликти кылмыштуулук менен реалдуу күрөшүүгө чакырган.

— Сот Ошто «Казак» деген каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн үй камагына чыгарды. Бул киши бир катар кылмыш ишинде, анын ичинде жашы жете элек 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып жатат. Милиция уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан басымды сезип жатканын айтышууда. Мындай шартта эмне үчүн ушундай чечим кабыл алынды? Жогорку сот буга көңүл буруш керек. Соттордун тартип комиссиясы бул чечим кандай негизде кабыл алынганын текшериш керек. Криминал менен реалдуу күрөшүүгө убакыт келди, — деди Никитенко.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн үй камагына чыгаруу боюнча чечимди судья Айнура Сулайманова кабыл алганы айтылууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.