Депутат: Криминал менен реалдуу күрөшүүгө убакыт келди

Окуялар тизмеги, Өлкө 16 Янв 2020 15:33
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко сот уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, «Казак» деген каймана аты менен белгилүү Умар Маратовду үй камагына чыгарганын сынга алганын «Азаттык» жазып чыкты.

Эл өкүлү парламенттин 16-январдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө бийликти кылмыштуулук менен реалдуу күрөшүүгө чакырды.

— Сот Ошто «Казак» деген каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн үй камагына чыгарды. Бул киши бир катар кылмыш ишинде, анын ичинде жашы жете элек 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып жатат. Милиция уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан басымды сезип жатканын айтышууда. Мындай шартта эмне үчүн ушундай чечим кабыл алынды? Жогорку сот буга көңүл буруш керек. Соттордун тартип комиссиясы бул чечим кандай негизде кабыл алынганын текшериш керек. Криминал менен реалдуу күрөшүүгө убакыт келди, — деди Никитенко.

Эске сала кетсек, «Казак» деген каймана ат менен белгилүү Умар Маратов буга чейин бир канча ирет «Уурулук» жана «Каракчылык» беренелери боюнча соттолгон. 2019-жылдын октябрь айында 16 жаштагы кызды зордуктоо боюнча шектүү катары кармалган. Андан мурун Ош шаарындагы кафелердин биринде 23 жаштагы балага бычак сайып жиберген деп кармалган. Ал Ички иштер министрлигинин атайын тизмесинде «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү» катары каттоодо турат.

Бирок Ош шаардык соту ушул жылдын 8-январында аны үй камагына чыгарган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.