ВИДЕО: Жогорку Кеңеште эшек менен ченелген өлкөнүн өнүгүү маселеси көтөрүлдү

Окуялар тизмеги, Өлкө 16 Янв 2020 12:30
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда элдин жашоо деңгээли эшек, ат менен аныкталбашы керек экенин айтты.

«Кыргыз Республикасынын жаранынын жашоо деңгээлинин жогорулашына шарт түзүп берүү өкмөттүн түздөн-түз милдети. Аны эшек, ат менен баалабаш керек. Менин пикиримде ал билим менен бааланышы зарыл», — деди Төрөбаев.

Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдө жашоо алда канча жакшырганын ат жана эшек мингендердин санынын азайганын билсе болорун айтып чыккан.

Бороновдун бул сөзү социалдык тармактарда чагылгандай тез тарап, нааразы болгондор, сындагандар четтен чыкты. Аткаминердин бул салыштыруусу коомчулук менен бийликтин ортосунда көйгөй бар экенин көрсөттү. Социалдык тармактардын колдонуучулары өлкөнүн жетекчилигинин ой жүгүртүүсү төмөн, жарандардын чыныгы көйгөйүнөн кабарлары жок, курч маселелерди чечүүдө алсыз, жалпысынан эле өлкөдөгү абалдан кабары жок экендигин белгилешкен.

Бул маселеге караштуу даярдалган атайын макаланы шилтеме аркылуу өтүп таанышсаңыздар болот:

Кыргызстанда жашоонун жакшырганы эшектердин саны менен эсептелеби?

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.