Кыргызстанда жашоонун жакшырганы эшектердин саны менен эсептелеби?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 16 Янв 2020 10:48
0 ой-пикир

Семетей АМАНБЕКОВ —Elgezit.kg сайтынын башкы редактору

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын аймактарында жашоо алда канча жакшырганын билдирди. Ал айылдарда ат жана эшек мингендердин санынын азайганын мисал келтирди.

 «Мен дайыма салыштырып жүрөм. Мындан 10 жыл мурдагы айылдарды жана азыркы убакты салыштырсак, айырма асман менен жердей. Мурда айылдарга жолугушууга барганда жашоочулар ат, эшек минип, анча-мынчасы унаа менен келишчү. 3-4 жылдан бери жолугушууга ат менен келгендер жок. 500 адам чогулса, жок дегенде 250 унаа болот. Мурдагыдай болуп бир унаага 5-6 кошуна отуруп келбейт. Эшекти айтпай эле коёюн, бир ат жок. Бул турмуштун жакшырганыбы? Туурабы?» — деди Боронов.

Бороновдун бул сөзү социалдык тармактарда желдей тарап, нааразы болгондор, сындагандар четтен чыкты. Аткаминердин бул салыштыруусу коомчулук менен бийликтин ортосунда көйгөй бар экенин көрсөттү. Социалдык тармактардын колдонуучуларынын пикиринде, өлкөнүн жетекчилигинин ой жүгүртүүсү төмөн, жарандардын чыныгы көйгөйүнөн кабарлары жок, курч маселелерди чечүүдө алсыз, жалпысынан эле өлкөдөгү абалдан кабары жок.

Бороновдун сөзүндө кандай каталар кетти?

  • Калктын жашоосунун жакшырганынын негизги көрсөткүчтөрү жана жашоо деңгээли киши башына болгон ички дүң продукциянын көлөмү, калктын кирешеси, тамактануу сапаты, турак-жай, саламаттык, социалдык кызматтар, маданият, коопсуздук, экология, демографиялык тенденциялар менен өлчөнөт. Элдин жашоосунун сапатын аттардын жана эшектердин саны менен айыл өкмөттөрү же акимдер ченесе болмок. Бирок республиканын Өкмөтүндөгү экинчи адам эмес. Мындай билдирүү өлкөдөгү жогорку кызматтардагы адамдардын ой жүгүртүүсүнүн деңгээлин көрсөтүп койду.  
  • Биринчи вице-премьер Кыргызстандагы айылдардын негизги көйгөйлөрүнө көңүл бурса жакшы болмок: таза суунун жоктугу, көчөлөрдүн жарыктандырылбаганы, жолдордун начардыгы, мектептердин, бала бакчалардын, медициналык пункттардын, спорт комплекстеринин ж.б. жетишсиздиги. Бул көйгөйлөрдү чечкенден кийин гана аймактардагы калктын жашоосунун жакшырганы тууралуу кеп кылса жарашмак.
  • Айылдыктарда унаалардын болушу – бул өкмөттүн ишинин натыйжасы эмес. Унаалардын көбү чет жакта ак эмгеги, маңдай тери менен иштеген мигранттар салган акчаларга алынганы сыр деле эмес. Ошондуктан бул Өкмөт өз жарандарына тиешелүү шарттарды түзүп бере албаганынын, аларды жумуш орундары жана жетиштүү маяна менен камсыз кыла албаганынын көрсөткүчү десек болот. Бул жерде бийлик сыймыктанчу эч нерсе жок.
  • Учурда мыкты аттар эски унаалардан алда канча кымбат турарын дагы эстен чыгарбаш керек. Бороновдой болгон аткаминерлер айылдын жашоосунун мындай аки-чүкүсүн билиши керек.
  • Ал эми эшектердин санынын азайганы тууралуу айтсак, акыркы журналисттик иликтөөлөр мунун эки себебин таап чыгышкан:
  • Эшектердин терилери Кытайга экспорттолуп жатканынан.
  • Эшек этин айрым фастфуддардагы жана ашканалардагы даярдалуучу тамактарга кошуп жүрушкөнү.

Ошондуктан айылдарда эшектердин аз болгону бул көзөмөлдөөчү органдардын – Санитардык эпидемиологиялык станциянын жана ветеринардык кызматтардын ишинин начардыгы. Алар эшек эти жарандардын тамагына аралашып кетишин өз убагында ооздуктай алышкан эмес. Бул Өкмөт үчүн чоң кемчилик десек болот.

Корутундулар:

  1. Өлкөнүн жогорку жетекчилери глобалдуу, стратегиялык жана концептуалдык ой жүгүртүүнү үйрөнүүлөрү керек. Майда жана кыска ойлонуу жарандардын Өкмөткө болгон ишенимин төмөндөтөт.
  2. Өлкө Өкмөтү ар бир сөз сүйлөр алдында жакшылап даярдануусу абзел, салыштырууларды тандап, статистикалык маалыматтарга ээ болуп, ошол сандарга таянып сүйлөөсү кажет. Жогорку технологиялар заманында аткаминерлер дайыма эл көзүндө экенин эстеринен чыгарбоосу зарыл.
  3. Кыргызстандыктардын көйгөйлөрүнө көңүл буруп, аларды чечүүдө өзүнүн ролун аныктоо. Жарандардын өздөрүнүн жетишкендиктерин Өкмөткө ыйгарып албай, Өкмөттүн чыныгы ийгиликтери, жетишкендиктери тууралуу айтуу.
  4. Президенттин жана Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери элге идеяларын, пландарын жана аткарылган иштерин жеткире албай жатканын моюнга алып келишет. Маалымат менен камсыз кылуу бөлүмдөрү өздөрү долбоор иштеп чыгып, бийликтин жетишкендиктерин, аткарып жаткан ишин чагылдыруу үчүн күчтүү пиар-компания түзүшү керек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.