Ташиев журналисттин сабалышы боюнча комментарий берди

Окуялар тизмеги 12 Янв 2020 20:11
0 ой-пикир

«Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев «FactCheck» порталынын башкы редактору Болот Темировдун билдирүүсүнө жооп берди. Ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:

Болот Темировдун билдирүүсүн окуп жаткам, бир маалда эле мени кошуп жазып салыптыр, жаман сөздөр менен, таңгалдым. “Болотту токмоктоп кетиптир”, – деп укканымда өтө кыжаалат болуп, тааныш журналисттерден сураштырып, “жардам керек бекен?”, – деп сурап кайрылганым эсиме түштү. Ошол маалда, азыр деле Мекенден алыста жүрөм. А эмнеге ал жигит мен жөнүндө жаман ой калтырган? А мен болсо, ал жигит боюнча жакшы тилектерди айтсам деп ойлонуп калдым. А мүмкүн Болотко текст жазып беришип эле окутуп коюшту, заказ менен эле биздин фамилияларды коштуруп койду го. Ал эми журналистке кол салган кылмышкерлерди таап, мыйзам чегинде жазалоо – бул ИИМ үчүн “дело чести” болуш керек.
Болот иним, эртерээк сакайып кет, сага ийгиликтерди каалаймын. Ушактарга ишенбей, ар бир адамга туура баа берүүнү үйрөнсөң деп ойлоймун“.

Болот Темировдун билдируусун окуп жаткам,бир маалда эле мени кошуп жазып салыптыр,жаман создор менен,тан калдым. …

Опубликовано Камчыбеком Ташиевым Суббота, 11 января 2020 г.

Эске сала кетсек, 9-январда Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темиров белгисиз адамдар тарабынан ур-токмокко алынган. Ал өзүнө кол салуу боюнча билдирүү таркаткан. Анда Келдибеков, Төрөбаев, Жумабеков жана Ташиевдин атын атап, аларды “андан сөөк ыргытып коёбу” деп аңдыгандар” деп айыптаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.