Болот Темиров: Коррупциялык иштердин бетин ачууга өмүрүмдү арнайм. Мен силерден коркпойм!

Окуялар тизмеги, Өлкө 12 Янв 2020 18:17
0 ой-пикир

Бул аптанын орчундуу окуяларынын бири «FactCheck» порталынын башкы редактору Болот Темировдун белгисиз адамдар тарабынан ур-токмокко алынганы болду. Журналист бул окуяга байланыштуу өз туюм-сезимдерин Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

«Шок абалдан чыктым… эки күн тергөөчүлөргө, ооруканага судмедэкспертизага чуркап жүрдүм… Мындай ызы-чуудан кийин робот сыяктуу эле болуп калдым… Өткөн үч күндөн кийин тынч отуруп, болуп өткөн окуяны азыр гана талдап жатам…

Чын айтам, мен аябай коркуп калдым! Аябай коркунучтуу! Жакындарың, туугандарың, кесиптештериң үчүн коркосуң”. Мен эл сыяктуу эле кишимин, эч кандай баатыр эмесмин! Ошондуктан коркуп жатам.

Бешинчи каналдын журналисттери Матраимовдорду түз эле айыптаса экен деп жатышты. Алар үч жолу телефон чалып, “сиздин сабалышыңызга Матраимовдорду айыптайм деп түз эле айтып койбойсузбу?” деп уялбай эле айтып жатышты.

Буга чейин ошондой эле аракетти Биринчи май районунун тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары (атын эстей албай калдым) сурап жатты… сиз мага башчыга отчет үчүн көрсөтмөлөрдү кайталап айттыр деп жаттыңыз…азыр мен кайсы башчы үчүн экенин кокусунан түшүнүп калдым. Сиз сурак учурунда кирип келип “Суракка алгын… ал тууралуу маалыматтардын баарын билишим керек, туулганынан бери!- деп жиниңиз келип айтканыңызды эми түшүндүм. Эң негизгиси ал эмне себептен ошентип айтканы мага эми гана жетти. Сиздердин баарыңыздар, журналист да, ИИБ тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары да, кожоюнга кызмат кылууга ушунчалык чуркап жатасыңар, ал тургай аныңарды жашырган да жоксуңар.

Мен анда минтип айткан эмесмин. Азыр мен муну айтам.

Силер эч нерсени түшүнбөгөн неме экенсиздер. Эч кандай жаза албаганыңарды билип жатасыңар! Акчага жана жазасыздыкка жеткен Райым! Анын шериги Камчы Көлбаев — Кыргызстандын чоңу! Силердин куйругуңар Келдибековдор, Төрөбаевдер, Жумабековдор, Ташиевдер силер ит сымал сөөктү күтүп турасыздар!

Силер бүт өлкөнү, кыргыз элин коркунучта кармап турасыңар! Силер журналисттер менен хакерлерди жалдап, силердин туюм-сезимиңерди эч ким билбейт деп турасыңарбы? Баары көрүп- билип турат жана коркуп жатат, аябай коркуп жатышат.

Мени эл көчөдөн таанып жатат. Колумду кысып, көпкө коё бербей “бул ээнбаштык качан токтойт деп жатышат. Мен аны билбейм.

Мени өлкөдөн чыгып кет дешип, жол киремди жана чет өлкөдө жашап турууга акча да сунуштап жатышат. Бирок мен аларга мен үчүн кыжалат болуп жаткандарына ыраазычылыгымды билдирем.

Мен Райым миллиондун аялы үчүн өч алуу буйругун аткаргандардын биринин өңү-түсүн билип калдым. Ал сезими жана интеллекти жоктой көрүндү, Силер өзүңөр да ошондой, ошондойлорду чогултуп алат экенсиңер айланаңарга.

Алардын бири мени тээп жатканда өлтүрүп салат экен деп коркуп кеттим.

Мен тепсендиде жатып, “балдар болду!” деп жаттым. Бирок алар мени урганын уланта беришти.

Мен азыр өзүмдү бул алсыздыгым үчүн жемелеп жаттым. Андан көрө мени өлтүрүп салууга буйрук берсе болмок. Менин билимим бар, билим алууну дагы уланта береримди билип койгула. Мен силердин ар бир уурдаган тыйыныңарды, ар бир кылмышыңарды табам. Буга өмүрүмдү арнап коем.

Эми мен силерден коркпойм! Мен өлүп берүүгө даярмын, себеби Кыргызстандан башка менин Мекеним жок.

Кудай мага Россиянын баатыры Магомед Нурбагандов шейит кеткендей күч-кубатты бере көр.

(Магомед Нурбагандов Дагестан АССРинде, Сергокалада 1985-жылы 9-январда туулган. Росгвардиянын Дагестандын ведомстволук эмес күзөтүнүн кызматкери, полициянын лейтенанты. Боевиктер тарабынан 2016-жылы өлтүрүлгөн. Россиянын баатыры — (курман болгондон кийин).

Эске сала кетсек, 9-январда Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темиров ур-токмокко алынган. Журналист өзүнүн ур-токмокко кабылганын кесиптик ишмердигине байланыштырууда.

FactСheck.kg басылмасы бир катар резонанстуу журналисттик иликтөөлөрү менен белгилүү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.