Жапаровдун адвокаты ЖАМКтын маалыматын төгүнгө чыгарды

Окуялар тизмеги 07 Янв 2020 22:44
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) билдирүүсү боюнча комментарий берди.

«ЖАМК айтып жаткан өнөкөт кылмыш, башкача айтканда мурдагы КР КЖКнын 16-беренеси жаңы мыйзам күчүнө киргендигине байланыштуу жокко чыгарылган. Садыр Жапаровтун кылмышы мурда өзгөчө оор кылмыштарга кирчү, жаңы мыйзам күчүнө киргенден кийин ал оор кылмыштарга кирип калды. КРнын ЖКнын 12-беренесинин талабына ылайык, соттолгон адамга, абакта отургандарга кайсы мыйзам жеңилдик алып келсе ошол мыйзам колдонулат, кайсы мыйзам алардын абалын оордото турган болсо, ал мыйзам колдонулбайт деп көрсөтүлгөн» — дейт жактоочу.

Анын билдиргенине караганда, эски мыйзам боюнча оор кылмышты жасаган адамдар жаза мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүн өтөгөн болсо жатак абагына, ал эми экиден бир бөлүгүн өтөсө мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулууга жатат деп көрсөтүлгөн. 2020 жылдын 5-февралында Садыр Жапаров жаза мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүн өтөп бүтөт. Ал жатак абагына чыгышы керек.

Ал эми 2014-жылдын 27-январындагы мунапыс да Садыр Жапаровго колдонулуп, анын жаза мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгү кыскартылышы керек. Ал да бүгүнкү күндө колдонулбай жатат. Ал колдонулган болсо мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулушу керек.

“Деги эле Садыр Жапаровдун күнөөсү тергөө жана сот тарабынан далилденген эмес, Садыр Жапаровдун эч кандай күнөөсү жок. Жабырлануучу деп табылган Эмилбек Каптагаев өзү “Жапаровдун күнөөсү жок, акталсын” деп талап кылып жатат. Садыр Жапаровдун иши жаңы ачылган жагдайлар менен каралып, ал акталышы керек. Эгер мыйзам ченеминде иш алып барышса ушундай жыйынтык болмок.

Эгер мыйзамды аткарбайбыз дешсе, анда бүгүнкү өздөрү жазып жаткандай мөөнөтүнүн акырына чейин Садыр Жапаровду бошотушпайт”, – дейт Токтосунов.

Эске сала кетсек, буга чейин ЖАМК Жогорку соттун экс-депутат Садыр Жапаровду 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча токтому анын мөөнөтүнөн мурда бошонуусуна же жатак абагына чыгуусуна жол бербейт деген маалымат таркаткан.

Мекеменин маалыматына ылайык, алдын ала сүйлөшүп алуу менен бир нече адамдын уюшуп барымтага алуусун уюштурган деп айыпталган Садыр Жапаровдун жаза өтөө мөөнөтү 2017-жылдын 25-мартында башталган. 2026-жылдын 5-октябрында бүтөт. Мындай айып күнөөкөрдүн мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна же жатак колониясына которулушуна жол бербейт.

ЖАМК айтып жаткан өнөкөт кылмыш б.а. мурдагы КР КЖКнын 16-статьясы жаңы мыйзам күчүнө киргендигине байланыштуу жокко…

Опубликовано Шарабидином Токтосуновым Понедельник, 6 января 2020 г.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.