Садыр Жапаров 6-февралда абактан чыкпайт, — ЖАМКтын билдирүүсү

Окуялар тизмеги 06 Янв 2020 21:05
0 ой-пикир

Жогорку соттун экс-депутат Садыр Жапаровду 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча токтому анын мөөнөтүнөн мурда бошонуусуна же жатак абагына чыгуусуна жол бербейт. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

“Интернет басылмаларда жарыяланган документ №1 түрмөдөн берилгендиги анык. Бирок алдын ала сүйлөшүп алуу менен бир нече адамдын уюшуп барымтага алуусун уюштурган деп айыпталган Садыр Жапаровдун жаза өтөө мөөнөтү 2017-жылдын 25-мартында башталган. 2026-жылдын 5-октябрында бүтөт. Мындай айып күнөөкөрдүн мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна же жатак колониясына которулушуна жол бербейт”, — деп айтылат маалыматта.

ЖАМК аталган документтерди берүүдө абак жетекчилиги жогоруда айтылган нормаларды эске албаганын белгилеген. Билдирүүдө ушу тапта кызматтык териштирүү жүрүп жатканы, анын жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр жазаланары кошумчаланган.

Эске сала кетсек, бүгүн экс-депутаттын адвокаты Замирбек Базарбеков ЖМКларга Жапаровдун түзөтүү колониясындагы мөөнөтү 2020-жылдын 5-февралында аяктап, 6-февралдан тарта жатак абагына чыгарын жарыялаган.

Адвокаттын айтымында, Молдовановка айылындагы №1 колониянын жетекчисинен Садыр Жапаров «6-февралда жатак абагына которулат» деп расмий түрдө жооп берген.

Экс-депутат «2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган» деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.