Бишкектин мэри Азиз Суракматовго ишенбестик көрсөтүү демилгеленди

Окуялар тизмеги, Өлкө 28 Дек 2019 10:18
0 ой-пикир

Ордо калаанын мэриясы менен Футбол федерациясы пикир келишпестик жаралды.

Бишкек шаарында Футбол борборун куруу маселеси шаардык кеңеште 27-декабрда үчүнчү ирет каралбай калды. Депутаттар сессияны 2020-жылдын 14-январына жылдырды.

«Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери Асылбек Кадыралиев сессияда Бишкектин мэри Азиз Суракматовго ишенбестик көрсөтүү демилгеси менен чыкты.

Ал эми Бишкек мэриясы жагдай боюнча билдирүү таркатып, Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык жер тилкелерин берүүгө мораторий жарыяланганын, ушундан улам мэр жер тилкелерин өзүмбилемдик жолу менен берүүгө укугу жок экенин билдирди.

25-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында баш калаада футбол борборун курууга жер бөлүп берүү маселеси карап, бир бүтүмгө келе алган эмес. Бул маселени шаардык кеңеште 26-декабрда да каралбай калган.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын вице-президенти Дастанбек Конокбаев Бишкекте Футбол борборун куруу маселеси шаардык кеңеште чечилбесе, улуттук курама баш калаада мелдештерге чыгуудан баш тарта турганын билдирүүдө.

Мэрия Футбол борборун куруу үчүн Федерацияга үч жер тилкесин сунуштаган. Футбол федерациясы ал жерлер Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) берип жаткан гранттын талабына жооп бербей турганын айткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.