Футбол академиясын курууга мэрия сунуштаган жерлерди Федерация четке какты

Окуялар тизмеги, Өлкө 26 Дек 2019 07:23
0 ой-пикир

Кыргызстандын Футбол федерациясы Бишкекте футбол академиясын куруу үчүн мэрия сунуштаган жерге макул болгон жок. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Азиз Суракматов»Азаттыкка» билдирди.

Маалыматка караганда, Футбол академиясын курууга мэрия үч жер тилкесин сунуштаган.

Футбол федерациясынын баш катчысы Нурдин Букуев ал жер тилкелери ФИФА берип жаткан гранттын талабына жооп бербей турганын айткан.

«Эл аралык футбол федерациясынын талабына ылайык бизге сунушталып жаткан Кара-Жыгач токойчосуна футбол академиясын куруу туура эмес болот. Анткени бул парк шаарга керек жер. Ак-Өргө конушунан сунушталып жаткан жер тилкеси беш гектар гана. 11-кичи райондогу жерге футбол талаасын курууга мүмкүн эмес. Футбол академиясы үчүн 8 же 10 гектар керек. Эгер маселе 31-декабрга чейин чечилбесе ФИФА бул грантты башка мамлекеттерге берет», -деди футбол федерациясынын өкүлү.

Эске сала кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында кечээ 25-декабрда баш калаада футбол борборун курууга жер бөлүп берүү маселеси каралды.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын өкүлү Эл аралык футбол федерациясы Бишкекте футбол академиясын куруу үчүн гранттык негизде каражат бөлүнөрүн билдирген.

Буга чейин Футбол федерациясы курула турган Футбол борборунун макетин жарыялаган. Анда үч чоң жана алты мини футбол үчүн талаа, административдик имарат, мейманкана, медициналык борбор, бассейн жана эс алуучу жайлар салынары айтылган.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Футбол федерациясы менен кошо футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана программанын алкагында Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап футбол стадионун курууну өкмөткө сунуш кылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.