Шыкмаматовдун ордуна ким депутат болот?

Окуялар тизмеги, Өлкө 27 Дек 2019 12:23
0 ой-пикир

Бүгүн, 27-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы өз каалоосу боюнча арыздарынын негизинде Узакбаев Талант Макишовичти, Балтабаев Ташполотту, Мирзаматов Рысбек Мамыровичти жана Шер Болотту “Ата-Мекен” партиясынан  Жогорку Кеңешке депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Аталган талапкерлер тизмеден чыгарылгандыгына байланыштуу ваканттык мандат Нурбекке Сыдыгалиевге тапшырылат.

Буга чейин Нурбек Сыдыгалиев өзгөчө кырдаал министринин орун басары кызматын ээлеп келген.

Эске салсак, бүгүн «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырды. Анын айтымында ал партиянын лидери Өмүрбек Текебаев ортосундагы пикир келишпестиктен улам парламенттен кетүүнү чечкен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.