Шыкмаматов: Депутаттыктан баш тарттым, «Ата-Мекен» партиясынан кеттим

Окуялар тизмеги, Өлкө 27 Дек 2019 10:05
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов депутаттыктан кетүүнү чечти. Бул тууралуу ал бүгүн “Азаттык” радиосуна өзү билдирди:

“Мен мандатымды тапшырып БШКга арыз менен кайрылдым. Ошондой эле “Ата-Мекен” партиясынан да биротоло чыктым” деген саясатчы мындай чечиминин себептерин кийин айтарын белгиледи.

Текебаев Өмүрбек Чиркешович өтө күчтүү саясатчы, мыйзам чыгаруу жаатында астына киши салдырбайт. Күчтүү политтехнолог, тажрыйбасы мол, саясий комбинациялардын атасы, харизмасы бар күчтүү лидер жана тарыхый инсан. Бирок ортобуздан “кара мышык аралап өттү” десек болот, — деди Шыкмаматов.

Ошону менен катар Шыкмаматов “Жеке ар-намысым мен үчүн мандаттан да, кызматтан да жогору болуп келген. Бирок саясаттан кетпейм. Өзүм менен көз карашым төп келишкен саясатчылар, топтор менен биригем” деп, “Саясат Текебаевдин менчиги эмес” деген оюн кошумчалады.

Партиянын лидери Өмүрбек Текебаев “орус жаранынан пара алды” деген негизде сегиз жылга эркинен ажыратылып, бирок азыр иши кайра каралып жатат. Ага каршы көрсөтмө бергендер сотко келүүдөн баш тартып, Текебаевди жана аны менен кошо соттологон мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду колдогон көрсөтмөлөр көп болууда.

Сот чечимине байланыштуу Текебаевдин мандаты алынгандан кийин парламенттеги фракциянын лидерлиги Шыкмаматовго тийген.

Өмүрбек Текебаев Шыкмаматовдун бүгүнкү билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.