Ташиев: Садыр Жапаров түрмөдө акыйкатсыз отурат. Аны чыгарууну президенттен суранам

Окуялар тизмеги, Өлкө 29 Ноя 2019 10:20
0 ой-пикир

«Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровду түрмөдөн бошотуу маселеси боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. «Азаттыктын» «Эки бир» көрсөтүүсүндө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Садыр Жапаров түрмөдө акыйкатсыз отурганын белгилейм. Аны чыгарууну президенттен суранам. Аны «бул киши чыгарбай жатат» деп анык айта албайм, себеби аны билбейм. Бирок Садырдын камакта кармалышын таш боордук деп эсептейм,- дейт Ташиев.

Эске сала кетсек, камакта жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров президенттен ырайым сурап кайрылгандыгы жакынкы күндөрү маалым болгон.

Кайрылууда Садыр Жапаров өзү айыпталган иште күнөөсү жок экенин белгилеген. Абакта олтурган кезинде ата-энесинен, андан соң уулунан ажыраганын, жакындары оор абалда экенин айткан. Аларга учурда өзүнүн колдоосу керектигин айтып президенттен ырайым кылып эркиндикке чыгарууну өтүнгөн.

Садыр Жапаров 2017-жылдын март айынан бери Чүйдүн Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү жайында жазасын өтөп жатат.

Ал Кылмыш-Жаза Кодексинин 227-беренесинин 2-бөлүгү (барымтага алуу) боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан 2017-жылдын 2-августунда соттолуп, 11 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.