Садыр Жапаров ырайым сурап Жээнбековко кайрылды. Сүрөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 17 Ноя 2019 13:56
0 ой-пикир

Камакта жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров президенттен ырайым сурап кайрылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Адвокаттын айтымында, Садыр Жапаров сотто тагылып жаткан айыптарды жасабаганын кайрылуусунда билдирген.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров 2017-жылдын март айынан бери Чүйдүн Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү жайында жазасын өтөп жатат.

Ал Кылмыш-Жаза Кодексинин 227-беренесинин 2-бөлүгү (барымтага алуу) боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан 2017-жылдын 2-августунда соттолуп, 11 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.