Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу айрым ойлор

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 02 Май 2021 15:57
0 ой-пикир

Саясатчы Эмиль Джураев — атайын Elgezit.kg үчүн.

29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы такталбаган жерде абдан кайгылуу окуялар болду. Кыргызстанда 30дан ашуун адам каза болуп, 134төн ашык адам жарадар болду. Ал эми мен көргөн акыркы маалыматтарга ылайык, тажик тараптан болсо 7 адам каза болуп, ондогон адам жарадар болгон. Тилекке каршы, бул сандар өсүүдө.

Окуяны толук кандуу түшүнүү үчүн бир катар нерселерди белгилеп кетүү маанилүү.

Эки өлкөнүн ортосунда такталбаган жерлерде чыр-чатактар көптөн бери эле уланып келет. Бул көйгөйдү аскердик техниканын жардамы менен эмес, сүйлөшүү, талкуулоо, альтернативдик сунуштар менен чечүү керек болчу.

Көйгөйдү куралдуу күчтөрдүн жардамы менен чечүүгө аракет кылуу – бул көйгөйдү дагы тереңдетүү.

Коомчулукта Кыргызстандын аймагында жайгашкан “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы кимге таандык деген суроо пайда болду. Бул объект башынан бери эле талаш болгон эмес жана Кыргызстанга тиешелүү. Кыргыз ССРинин аймагында 1973-жылы ал ишке берилгени тууралуу документтер жарыяланды. Айрымдар социалдык тармактарда КРда аталган айылдар жок болчу, Тажикстанда бар болчу деп жазып жатат, бул туура эмес, расмий совет органдары жаңылышып калышы мүмкүн эмес. Ал эми Тажикстандын расмий булактарынын маалыматтарына ылайык, “Головной” “жылдар бою эле” талаш жер болуп келген имиш.

“Головной” талаш объект эмес экенин текшерүү эң оңой.

Чындыгында эле такталбаган жерлер бар экенин белгилей кетейин. Мунун үстүнөн иштөө керек. Бирок эмнегедир тажик тарап бир жума мурда такталбаган аймактарды аскердик жол менен тартып алууну чечишиптир. Ал эми кыргыз тарап болсо дайыма бардык маселени тынчтык жолу менен чечүүнү көздөп келген.

Кечээ тажик аскерлеринин — Тажик Республикасынын расмий, өкмөттүк куралдуу күчтөрүнүн аскердик иш-аракеттеринин тартиби жана масштабы пропорционалдык чектен ашып (бул жерде биринчи аскердик аракеттер тажик тараптан башталгандыгын белгилеп кетели), ошондой эле чек аранын чыры катары каралышы мүмкүн болгон иш-аракеттердин алкагынан чыгып кетти. Алар ири аскердик техникаларды жана курал-жарактарды колдонушкан, ал эми өрттөлгөн имараттар жана аймактар чек арага такыр тиешеси жок, бирок Кыргызстандын аймагындагы объектилер болгон. Мындан сырткары, акыркы бир жумада аралыгында чек ара аймагына жакын жерде ири масштабдуу аскердик машыгуу болгону тажик тараптын пландаштырылган, атайын операциясынын дагы бир далили.

Кыргыз тараптан чагымчылдык болдубу? Кыргыз өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүнүн ойлонулбаган билдирүүлөрүн эске албаганда чыныгы чагымчылдык болгон жок. Ал билдирүүлөр дагы агрессивдүү болгон эмес, болгону талаш аймактардагы абалды кантип жөнгө салуу керек жана ресурстарды кантип тескөө керек деген көз караштар гана болгон.

Жаңжал кимге керек? Бул кимге керек деп өтө тереңге сүңгүбөй эле коеюн. Кыргызстан менен Тажикстандын карапайым элине, анын ичинде талаштуу аймактардын эки тарабында жашаган жамааттарга мындай чыр-чатактын кереги жок болчу жана алар мындай иш-аракеттерди каалашкан эмес деп эсептейм. Алардын эркине койсо көйгөйдү мындай жол менен чечишмек эмес. Ошондой эле кыргыз өкмөтүнө дагы саясий жактан да, стратегиялык жактан да кырдаалдын мындай өнүгүшү зарыл эмес эле. Муну далилдей турчу объективдүү фактылар толтура. Ошондо ким калды? Мындай ызы-чуунун кимге кереги бар эле? Бул тууралуу окурман өзүңүз ой жүгүртүп көрүңүз. Кечээки кандуу жана кыйратуучу жаңжал эч кимге жеңиш алып келген жок жана эч нерсе чечкен жок. Тескерисинче, талашты ого бетер курчутуп, макулдашууга жетишүү мүмкүнчүлүгүн дагы татаалдатты. Бирок башка жол жок, эки өлкө, эки эл маселени тынчтык жолу менен чечүүгө келүүсү керек. Ал үчүн биргелешип иш алып барып, инновациялык жана прогрессивдүү ой жүгүртүү керек. Тажик тарап колдонгон гранаталар, танктар, автоматтар жана тик учактар көйгөйдү чечүү жолу эмес.

Автор тууралуу: Эмиль Жураев АКШнын Мэриленд университетинде PhD даражасын алган. Жураев Саясий институттар жана процесстет, Борбордук Азиянын саясаты жана коопсуздук, Магистрдик иш семинары сыяктуу курстар боюнча сабак берет. Ал Борбор Азиядагы Америка Университетинде жана Мэриленд Университетинде мугалим.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.