Баткендеги каргашалуу окуя: айбалтабыз ар дайым даяр турушу керек

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 05 Май 2021 09:38
0 ой-пикир

Баткен облусунун чек арасында жайгашкан айылдарда ушул жылдын 28-апрелинен 2-майга чейин куралдуу кагылышуу орун алганы жалпы кыргыз элинин тынчын алды, душмандын тымызын кол салганы элди уктаткан жок. Ар бир жаран согушууга даярданып, душмандан коргонуу максатында аргасыздан, адамдын да жанын алууга даяр экенин туюнтту. Албетте, бул кол салуу атайын даярдалганы кийин айтылып, окоптор казылганы такталды. Демек тажик тарап мурдатан Кыргызстанды басып алууга ынтызар экенин, ага кызуу даярдык көрүп, атайын учактарга дейре даярдаганы азыр билинип жаткан чак. Баткен жана Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуунун кесепетинен жергиликтүү тургундар курман болуп, мамлекеттик имараттар, турак-жайлар жана автоунаалар жабыр тарткан. Мейли мал-мүлк табылат, бирок адамдын өмүрү кымбат. Бул куралдуу чабуул элдин эсинен эч качан кетпейт, себеби жай тургундардын атылып өлтүрүлгөнү кылмыш. Ал эми кылмыш кылган адам абакта отуруп, сот берген жазасын алуусу керек. Интернет айдыңында эң биринчи кылмышкер деп Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун аты аталды, анткени ал армиянын кол башчысы болуп, буйрук берип жаткан адам катары сыпатталып, наадан, киши өлтүргүч катары бааланды. Апаатта жаш кыздын (12 жаштагы Мадина Раимжанбековага ок тийген) окко учканы жүрөктүн үшүн алды.

Баткен облусунун мурдагы губернатору, коомдук ишмер Мамат Айбалаев жакында болгон кыргыз-тажик чек арасындагы ок-атышуусу боюнча ой-пикири менен бөлүштү:

«Баңгизаттарды ташыгандардын, курал саткандардын кызыкчылыктарынан кагылышуу пайда болду»

«Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар “Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап” деген макалды эске салат. Кыргызстан 1997-жылдарда Тажикстанга жардам берип, алардын жарандык согушун токтотуп калууга жардам берди эле. Кийин тажик президенти Эмомали Рахмон “157 миң адам ошол согушта курман болду” деп айтпадыбы. Ал эми расмий эмес маалыматтарда 280 миң адам өлдү деп айтылып жүрөт. Биз дардаңбай кыргызбыз, алардын согушун токтотуп жардам бердик. Бирок тажиктер куу эл болот, куулугун ушундан билсе болот, булар сөзүндө турбайт.

Тажиктер менен аралашып, чектешип жашабагандар алардын кандай экенин түшүнбөйт. Кокус сиз барып калсаңыз, алар жакшы тамагын палоо басып, арак-шарап берип жакшы сыйлайт. Жакпай калсаңыз, уу берип өлтүрүп коюш да алардын колунан келет. Биз кылымдар бою чектеш аралаш жашап алардын кыял-жоруктарын жакшы билебиз. Мен совет доорундагы булардын жетекчиси Расуловду көрүп, жыйындарына катышып калдым. Набиевди, Маккамовду да көрдүм. Азыркы президент Эмомали Рахмон 18 жылдан бери иштеп келе жатат. Биз аларды өзүбүздөй ачык айтып, түз жүргөн эл катары көрбөшүбүз керек. Тажиктер андай эмес.

Мен болгон маалыматты тажиктердин айткандарынан, карапайым элдин, туугандарымдан, жердештеримден угамын. ЖМКлар аркылуу айтам, айткам.
Орустарда макал бар, «хочешь жить в мире готовься к войне» деген. Эч кандай кепилдик жок, алар кайра кол салбайт деген.
Бийлик муну алдын алып эн мурда эрикпей, ошол жердин тургундары, эл менен акылдашып, макулдашып алуусу керек болчу. Элибиз көп нерсени билет.



Биздин эски бийлик да убагында көп катачылыктарды кетирген. Мен да өз мезгилинде губернатор болуп барган биринчи эле күнү “Головной” суу башына күчтүү кароол койдум. Дагы оюмда бар эле, андан да күчтүү ДОТ коюп коеюн дегем, себеби эртеби-кечпи тигилер кол салаарын билгем. Анүчүн коргонуу жакшы болуш керек эле.

“Биз бир кезде тажиктерге жардам бердик эле, эми алардын кылганы бу” деген кеп-сөз азыр айтылып жатат. Анын баары өткөн иш, алар аны унутту. Себеби ар бир бөлүнгөн мамлекеттин өзүнүн кызыкчылыгы пайда болду. Андан башка ар кандай элдин кызыкчылыгы, дегеле кызыкчылыктар көбөйдү. Ошолордун арасында баңгизаттарды ташыгандардын, курал саткандардын кызыкчылыктары пайда болду.

Тажикстан Афганистан менен чектешкендиктен, афган баңгизаттары Тажикстан аркылуу Баткен, Лейлек аркылуу Россияга жана башка мамлекеттерге тарайт. Булар совет доорунда эле белгилүү болчу. Баткендин, Лейлектин тоолорунда июлда чек ара ачылганда ошол жерде чектеш Матчевск, Гарб райондорунан баңгизаттарды ташуу башталат. Алардан тышкары малын айдап келип сата башташат. Кокон шаарына чейин кирип сатышат. Кокон хандыгынын учурунда, падышалык Россиянын учурунда, кийинки совет доорунун учурунда деле алар ушундай иштерди жасап келишкен. Ошондуктан бул баңгизаттын тарыхый жолу.

Биздин эски бийлик аларды ошол бойдон калтырып, биз аларга кайра контрабанда менен бензин сатып, азыр Лейлекте 60ка жакын май куюучу жайлар бар. Ошолорго ташымыш болуп, а негизинен тажиктерге контрабанда кылып сатып жатышып, биздин көп азаматтарыбыз байып алышпадыбы. Мамлекет, бийлик аларды көрмөксөн болуп туруп берди. Азыркы бийликтегилер “Биз ал жердеги контрабанданы токтоттук” деп айтып жатышпайбы, демек контрабанда, баңгизаттардын жолу токтоду да. Алар менен иштегендер абдан бай эл, аларда акча абдан көп. Анан алар да аракет кылышты көрүнөт. Азыркы бийлик бардыгын анализдеп тактап албастан бир аз шашып кетти да, анан азыркыдай абалга дуушар болду.

Биз тажиктер менен ар дайым этият болушубуз керек. Алар келишимге кол койгону менен андан ары эмне кылышканын көрдүңөр да. Ошон үчүн булар менен алыш-бериш, дегеле мамиле жасоодо абдан кылдаттык керек.

Башкы прокуратура: «Тажикстан жүзү каралык менен биздин өлкөнүн аймагына кирип, чек араны бузуп, себепсиз түрдө тынч жашаган жарандарга ок чыгарышты»

Тажикстан Республикасынын аскер кызматкерлеринин жогорудагыдай аракеттери Кыргыз Республикасынын бүтүндүгү менен суверендүүлүгүнө карата алдын ала пландаштырылган жалаа менен агрессияны айгинелейт.

Каргашалуу окуя кантип башталган

«29-апрелде саат 04:40 ченде Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылынын Көчө-Бою аттуу жеринде Баткен районунун жергиликтүү жай жаткан тургундары менен тажик жарандарынын ортосунда кагылышуулар болгон. Андан кийин Тажикстандын аскерлери Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда 2004-жылдын 26-майында түзүлгөн жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндөгү келишимди, тынчтыкта жашоо принциптерин, достук жана кошуналык мамилелерди бузуп, Кыргыз Республикасынын аймагын басып алуу максатында Кыргыз мамлекетинин суверендүүлүгү менен бүтүндүгүнө кол салып, жүзү каралык менен биздин өлкөнүн аймагына кирип, чек араны өз алдынча бузуп, себепсиз түрдө тынч жашаган жарандарды, чек араны коргогон аскер, жарандардын коопсуздугун камсыз кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин массалык түрдө өлтүрүп, автоматтардан, миномёттордон, бронетехникалардан, аскердик тик учактардан жана башка аскердик куралдардан ок чыгарышкан.

Эксперттер кийин муну видеокамераны орнотууда башталганын белгилешти. Бирок буга чейин деле ортодо мамиле сууп калганы, ал тургай жаш балага чейин ушул жылдын март айында эле Садыр Жапаровго чейин чек ара маселесин тез арада тактоого чакырган кайрылуусу али эсибизде.

Тажикстан Республикасынын аскер кызматкерлери миномёт жана аскердик тик учактарды колдонуу менен “Булак-Башы”, “Капчыгай”, “Достук”, “Миң-Булак” чек ара тозотторуна “Кожожар”, «Кызыл-Бел» чек ара постторуна жана Баткен, Лейлек райондорунун калктуу пункттарына кол салышып, Кыргыз өлкөсүнүн калктуу конуштарын жана аймактарын басып алышкан. Тажикстандын аскер кызматкерлери тарабынан куралдуу кол салуунун кесепетинен Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, аскер адамдары жана жарандарынын арасынан октон жана жарылуучу заттардан көптөгөн адамдар ар кандай жаракаттарды алышып, алардын ичинен каза болгондор да болду, ошондой эле кыргыз тараптын аскердик объектилери талкаланып зыянга учурады.

Алардын аракетинде пландаштыруу, агрессивдүү түрдөгү куралданууга даярдык, аны таңылоо, эл аралык келишимдер менен бүтүмдөрдү бузуу менен агрессиялык согушту жүргүзүү байкалат. 2021-жылдын 29-апрелинде бул факты Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып Жазык кодексинин 380-беренеси «тынчтыкка каршы кылмыштар» менен катталды.Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөөнү жүргүзүү жагы УКМКга, ИИМдин жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган ведомстволор аралык тергөө тобуна тапшырылды.

«Тажик тарап менен чек ара маселесин чечүүнүн бир эле жолу бар, биз бир тараптуу жабышыбыз керек! Алардын чет мамлекеттер менен алакасы аз көбүнчө биз аркылуу жүргүзүшөт, 6 айгабы, бир жылгабы жаап салсак кепке келип калышат»,-Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы, мамлекеттик ишмер, акыйкатчы Токон Мамытов

Максат Чакиев: Баткен бизге даана көрсөттү, бир державанын канатынын алдына киргенде деле, коопсуздук жана башка маселелер чечилбейт экен

Эми Кыргызстан ким менен болушу керек деген суроо күчөй баштады. Баткен окуясында бир державанын кулагы көрүнгөнү жөнүндө соц. тармактарда катуу айтылгандан кийин, Кыргыз жарандары тарабынан ал вектордон кайтуу чакырыктары күч алды. Көпчүлүк Кыргыз кемесин жаңы векторго буралык, ошол тарапка сүзөлүк деген сунуштар башталды. Ал векторлор – Түркия (туранчылык) менен Батыш. Тилекке каршы, бул биздин дагы деле кул мүнөздүк аң-сезимибиз басымдуу кылат экенин көрсөтүп турат. Сөзсүз эле бир вектордун алкагында, бирөөнүн канатынын астында болушубуз керекпи? Ансыз деле 200 жылдай бир державанын алдында болуп келдик ко? Ошол деле жетишет, деп ойлойм. Мен бир гана векторду көрүп турам – ал кыргыз вектору!Өзүбүзгө багыт алалы, өзүбүзгө бурулалы!Баткен бизге даана көрсөттү, бир державанын канатынын алдына киргенде деле, коопсуздук жана башка маселелер чечилбейт экен. Ошондуктан тек гана өзүбүзгө таянышыбыз керек! Мамлекетти күчтөндүрүш керек. Айбалтабыз ар дайым даяр жана жаныбызда болушу керек экен. Кокустук болсо, тигил дос мамлекет бизге жардамга келе калат, деген кур эле сөздөр экен. Мисалы, жакынкы коңшубуз Өзбекстан эч кандай мамлекеттерге векторлук албай эле сонун өнүгүп жатат. Ошол эле Израиль Батыштын же АКШнын кучагына кирип кеткен жок. Өзүнө керектүү нерсени алат, калганын бербейт, алардын чечими же буйругу менен жашабайт. Мен бул позицияны “саясий эгоизм” деп атайм. Мындайча айтканда, тек гана өздөрүнүн кызыкчылыгы менен жашашат, көздөшөт. Ооба, баары менен дос бололук, а бирок алардын таасиринен чыгалык. Өз алдынча мамлекет бололук!

Апаатта билим уялары жабыркаганы албетте зенди кейитет. Бул жаатта көп жылдан бери этникалык кыргыздардын билим алуусуна көмөк көрсөтуп келе жаткан Жолдош Турдубаев мындай дейт:

— Мен баланча кыргызга жардам бердим деп мактана албайм. Ар кимиси өз күчү менен көчүп келди, тиричилиги жаман эмес — эмгекчил адамдар ач калбайт. Мен болгону Тажикстандагы кыргыздардын билим алуусуна байланышкан маселелерди гана козгоп, коомчулуктун көӊүлүн бурууга аракет кылып келдим.


Бул каргашалуу окуянын жүрүшүндө Лейлек районундагы Максат, Кулунду, Жаңы-Жер, Көк-Таш, Интернационал айылында турак жайлар, соцобьекттер жабыркады.

Баткен облусундагы чек ара чырынан жабыркаган турак үйлөрдүн саны акыркы маалыматтар боюнча 129га жетти. Тактап айтканда, 129 турак үй жана 84 объект жабыркаганы аныкталды, анын ичинен: 1 мектеп, 1 ФАП, 1 бала-бакча, 1 ИИМ имараты, 4 чек ара бекети, 1 медициналык борбор, 1 стамотология, 2 дарыкана, 1 китепкана, 1 өрт-куткаруу бөлүгү, 27 май куюучу жайы, 34 соода түйүндөрү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган жана өрттөлгөн.

Бүгүнкү күндө келтирилген материалдык чыгымдар боюнча ЖК комиссиялары иш алып барылууда.

P.S. Бул олуттуу кылмыштын артындагы адамдар жазасын алганда дагы, 36 адамды кайра алып келе албайбыз. Баткендеги чыр-чатак Кыргызстандын армиясы солгундап жатканынан кабар берет. Учурда армиядан качкандар, чабуул тургай, коргонууга даярдыктын жоктугу, мылтык ата албаган аскерлер албетте, туруштук бере албастыгы даана билинип, ушунча адам набыт кетти. Туура, обьекттерибизди тарттырткан жокбуз, бирок ага мактана да албайбыз. Жада калса, айымдарыбыз эркектерге тен-ата туруп согушканга даяр экендигин, мекенди коргоо милдети экенин соцтармактардан тайманбай айтып жатышты. Ошол эле учурда бизде курал жок, курал болсо ок жок. Мына ушуга окшогон проблемаларды тез арада чечип, чек ара чырына чекит коюу мезгили келди. Болбосо мындай жагдай глобалдуу согушка алып келмекчи.

Баарынан да кызыгы Түркия лидери Рэжеп Тайып Эрдоган Тажикстанга эскертип, эгер кол салууну токтотпосо, чара көрүлө тургандыгын баса белгилеген.

Жазгүл Урмамбетова

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.