“Ысык-Көл тамыры” тууралуу Кабылбековдун пикири

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 26 Апр 2021 13:29
0 ой-пикир

Кыргызстанда коронавирустан дары табышты. Бул “Ысык-Көл тамыры” же уу коргошун. Сovid-19 менен ооруган бейтаптарды анын жардамы менен дарылоону өлкө президенти Садыр Жапаров сунуштап, ал эми Саламаттыкты сактоо министри болсо маалымат жыйынын берип жатып түз эфирде уу коргошундун аралашмасын ичип жиберди.

Бул жаңылык интернетте абдан кызуу талкууланды. “Ысык-Көл тамыры” тууралуу пикирин публицист Мусуркул Кабылбеков да билдирди.

“Ысык-Көл тамыры. Адилеттүү сындар, каардануу көп болду, бирок ушак-айыңдар да болбой койгон жок. Баары туура.

Бирок мен эмнегедир ал тууралуу айтууну каалаган жокмун. Балким, — “Аңчылыктын эң кызыктуусу башталды – адамга аңчылык” (Киплингдин сөзү деп жүрүшөт) болгон үчүн.

Мен башка тууралуу – биз чакан өлкөбүз.

Жыйырманчы жыл биздин дүйнө өтө морт экенин көрсөттү. Алгачкы эле олуттуу сыноо биздин мамлекеттүүлүгүбүздү шал кылды.

Кыйын шарттарда иштеген дарыгерлердин берилгендиги жана кесипкөйлүгү, ошондой эле ыктыярчы жана меценатка айланган жарандардын жигердүү позициясы гана мындан да чоң кыйроого жол берген жок.

Бизди фундаменталдык илим, саламаттыкты сактоо тутуму соолуп калган.

Өлкөнүн интеллектуалдык капиталы жакшы жашоону издеп, бирөөнүн медицинасын, бирөөнүн илимин өнүктүүгө салым кошуп жүрөт. Мындай шартта, жатып эле өлүш керек, же кайыр сурап дүйнөнү кезип кетиш керек.

Бирок кыргыздар мындан да оор күндөрдү башынан өткөргөн. Аман калышкан. Жаратылыш берген нерселерден пайдаланып, ийкемдүүлүк, стандарттуу эмес чечимдердин жардамы менен аман калып келишкен. Өзгөчө кырдаалдар өзгөчө чечимдерди талап кылат. Түпсүз туңгуюкка кулап бара жатканда жылан болсо да кармап, аман калууга жан үрөйсүн.

Садыр Жапаров да куйругунан кармап калды, бирок анын да дарылыктан сырткары терс кесепеттери пайда болду.

Келгиле, бул кадамды башка каражаттар жардам бербей койгондо бир жашоону болсо да сактап калууга болгон аракет деп түшүнөлү. Кантсе да ал биздин президент эмеспи, ал эми эксгибиционизм адамды да, элди да жакшы тарабынан көрсөтпөйт”, — деп жазылган Кабылбековдун билдирүүсүндө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.