Мыйзам баарына бирдейби?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 25 Апр 2021 21:01
0 ой-пикир

Жазгүл Урмамбетова — атайын Еlgezit.kg үчүн

Акыркы убактарда Кыргызстанда билинбегени менен олуттуу өзгөрүүлөр болду. Айрым мыйзамды одоно бузгандар акча менен абактан кутулуп кетишсе, айрымдары туура эмес айтып же соцтармактарда пикирин жазып алгандар камакка алынып, коомдо дисбаланс башталды дешет айрым саясат талдоочулар. Демек, пикирин ар бир адам билдиргенде «жети жолу өлчөп, бир жолу кесиш керектигин» эске алуусу керек. Бул жумада резонанс жараткан илимпоз Гүлзат Аалиеванын камакка алынышы болду. Андан мурда саясат талдоочу Марат Казакпаев да бир гезитке ой-пикирин билдирип, ал мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалды. Эн башкысы бул кармалган эки инсан ЖОЖдордо сабак берип келишет.

Буга чейин деле доцент Аалиева Ислам динин туткан мусулмандар менен бир топ кайым айтыштарын байма-бай окуп, ага күбө болуп жүргөнбүз. Бирок, бул саам анын былтыркы жазгандары, анын азыр камакка алынышына эмне себеп болгондугун колдоочуларынын пикирлерин сурап көрдүк.

Коомдук ишмер, саясатчы Эмилбек Каптагаев илимпоз Гүлзат Аалиеванын кармалышы тууралуу пикирин билдирди.

Гүлзат Алиеванын камалышы натуура иш, эркин демократиялык коомго жат көрүнүш. Бирөөнүн ой-пикири бирөөгө жакпай калса эле барып камай берген болбойт.

Диний кастыкты козуткан деген шек менен кармалган окутуучу Гүлзат Аалиева эки айга үй камагына алынды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-апрелде ушундай чечим чыгарганын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

«21-июнга чейин үй камагында болот. Бул аралыкта «Фейсбукту» колдонбоо сыяктуу чектөөлөр бар», — деди Жоошев.

Философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева 21-апрелде кармалган. Ага каршы адвокат Аида Абдрахманова соцтармактардагы посттору аркылуу элди экиге бөлүп, диний кастыкты козутуп жатат деген негизде укук коргоо органдарына арыз жазган.

Милиция Аалиева Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу») менен шек саналып, кармалганын маалымдаган.

Төмөндө илимпоздун президентке да жазганын анын баракчасынан көрсө болот. Мындай жана ушуга окшогон пикирлер анын баракчасына байма-бай жазылып, ар кандай терс пикирлер комментарийлер менен коштолот.

Бул иш боюнча биз айрым эксперттерге кайрылып, жооп алдык. Дин аалымдары албетте, мындай илимпоздун пикирлери менен кошулбайт. Динде (учурда Орозо айына байланыштуу айрым диндар адамдар комментарий бергенден баш тартышты) эч ким менен талашып-тартышып, айтышкан болбойт. Илимпоздун тарапташтарынын бири Бурул Макенбаева мындай дейт:

30 жылдан бери Кыргызстанды жакыр кылып, кыргызды тентитип койгон, элдин убалына калган жегичтерди камабай, Манасты илимге салып, дүйнөлүк аренага чыгарып, көкүрөгү менен башында Манасты сактап келген окумуштууну камашты. Ашыкча динчил болуп өз атасын чанган маңкурттардан ата-баба жолун, Манас бабабызды, тарыхыбызды коргогон Гүлзат Аалиеваны камаган бул ашкерелик! Бул демек, өлкөнү Афганистан же Сирия кылууга салынган жол деп түшүнсө болобу?

Мир Тоялиев илимпоз Гүлзат Аалиеванын соттолушуна жол ачып бергенин, эртең табилиги жаматы, хизбут өңдүү «кой терисин жамынган чөөлөрдүн» бийликке келип өз кызыңдын таш бараңга алыганына мүнкүнчүлүк түзүп бергениң, -деген пикирде.

Аалиеванын чакырыктары боюнча эн биринчи кезекте экспертиза мыйзамдуу болуш керек. Эмоционалдык же этикалык жакты караса, анда мамлекет инквизицияга айлантып кетет. Милиция кызматкерлеринин да натыйжалуу билимдери жок. Алар эксперт дегендерге кайрылат. Илим академиясында бир- эки киши бар. Алар бекер жазып беришет. Бирөө айтып койду, коммент жазып койду деп эле түрмөгө камаган туура болбойт. Экспертиза, эмоциялар, этика эмес, мыйзамга таяныш керек. Биринчиден, кандай бир алсыз группага каршы чакыруу болдубу, жокпу? Ушунун баары кылдат такталып, иликтениши абзел. Ал алсыз, дискрминацияга чалдыккан группанын белгилери болуш керек. Негизи, бул «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» деген берене ошондой коркунучта болгон топту коргогонго багытталган берене. Ошондой алсыз, дискриминацияга чалдыккан группага каршы чакырууга айыпталган адам өзүнүн группасынын мобилизация кылганга алы жана авторитети жетиштүүбү? Ошого экспертиза жооп бериш керек. Ошол башка алсыз группага каршы мыйзамсыз, зордук-зомбулукка бара турган даярчылыктын белгилери барбы? Же жокпу? Ошого экспертиза жооп бериш керек. Кыргызстанда көп адамдар, көбүнчө жаш балдар, ойлонбой, коммент жазып койду деп түрмөгө кесилип жатышат.

Гульзат Алиеванын посттору жана комментарийлери мүмкүн эмоционалдуу болушу керек. Бул этикалык маселе. Алиеванын оппонентери деле так ушундай эле жаман сөздөр менен айтышкан. Бул таптакыр бир тараптуу жазалоо, мыйзамсыз жана ашыкча. Тескери таасир берет. Элди жарып-бөлүп, нааразычылыкты көбөйтөт. Мыйзам баарына тен жана ашыкча колдонуу болбош керек.

Гүлзат Аалиева

Экстремизмге каршы мыйзада биринчи эскеруу, пост, комменттерди өчүрүүнү сунушташ керек. Чакыруу деле байкалбайт, — дейт Макенбаева.

Илимпоз камакка алынгандан тартып эле боордош казак эли да четте калбай, социалдык баракчаларына комментарийлерди жазышканын режиссёр Ырыс Окенова да билдирди. Манас бабабызды коргоп чыккан, Манаска акараат келтирген ашыкча динчилдерге койгула, антпегиле деп келаткан Манас изилдөөчү, доцент Гүлзат Аалиеванын камалышы туура эмес. Кезинде Манасты сөккөн манкурттар чыгып кыргыз баалуулуктарына шек келтиргенде да Манасты коргогон бирден-бир ушул Гүлзат айым эле. Мына, казак басылмалары дагы жаза башташыптыр. Бул Таблиги жамааттын буюртмасы болушу мүмкүн деген божомолдор жазылыптыр. Өз элин, жерин коргогон окумуштууга мындай мамиле кылууга болбойт, — деп Ырыс Окенова да баракчасына жазды.

Көздөй турган нерсебиз – бир гана улуттук кызыкчылык болууга тийиш

Журналист, акын Жыргалбек Касаболотов бул жагдай тууралуу мындай дейт: Манасты сөккөн маңкурттардын чырагына май тамууда. Кечээ илимпоз, философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кармалган. Гүлзат Аалиева каршы Жазык кодексинин 313-беренеси — «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга» байланыштуу арыз түшкөн. Конкреттүү түрдө кайсы иши үчүн шек саналып жатканы ачык айтыла элек. Бирок көңүл буруп кое турган бир нече жагдай бар.Биринчиден, ага каршы арыз берген адвокат Аида Абдрахманова 2017-жылы Садыр Жапаровдун президенттикке талапкерлигин каттоо боюнча маселе тууралуу маалымат бергендердин арасында экен. Демек анын тарапташы. Экинчиден, ага каршы пикир жазгандардын арасында соцтармактагы Садыр Жапаровду колдоо тайпасынын администраторлору бар экенин Гүлзат айым өзү айтып жүргөн. Үчүнчүдөн жана эң негизгиси – анын жазгандарынын баары соцтармакта сөгүнгөн, адамдын башынан ылдый жугунду куйганды билбеген тажаал топтун кылыгына реакция. Биринчи иретте Манасты сөккөндөргө карата жооп болуп келген. Мындан бир нече жыл илгери соцтармактарда Манасты сөгүп, кыргыз баалуулуктарына акаарат келтирген топ пайда болду. Алардын көбү хакерлик менен аракеттенип, фейк аккаунттарга жамынып, адам оозго алгыс сөздөр менен чагымга барышты. Мен билгенден Гүлзат Аалиева ошолор боюнча улуттук коопсуздук органдарына да, укук коргоо органдарына да кайрылды. Бул боюнча КТРде талкуу болуп, улутчулдар барып Гүлзат Аалиеванын позициясын коргоп келгенбиз. Талкууга катышканы чакырылган Чубак ажы да, «Ыйман» фондунун ошол кездеги башчысы Нуржигит Кадырбеков да келген эмес. Эмне жыйынтык чыкканы белгисиз. Кимдир-бирөө жазаланып, жоопко тартылганы айтылган жок. Эгерде логика менен калыстыкка таянсак улуттук коопсуздук органдары биринчи иретте ошондой чагымчыларды жазалашы керек эле. Техникалык жактан алар үчүн кыйынчылык деле жаратмак эмес. Ошондуктан таба албай койду дегенге ишениш кыйын. Демек каалашкан жок деп жыйынтык чыгара берсек болот. Болбосо азыр деле кармап келсин, кеч эмес. Диний коомчулук да ошол кезде конструктивдүү роль ойной алган жок. Ошондо деле «кой, «Манасты» силер тургай биздин ата-бабаларыбыз да сөккөнгө дааган эмес, муфтият бул кылыкты толугу менен айыптайт, андай кылган күнөө болот, муну айтуу исламга да каршы келет» деп ачык, расмий айтып койгонго жараган жок. Же андай болбосо «ооба, исламда «Манасты» сөгө берсе болот, биз ушуну кылган динчил же өзүн динчил деп эсептеген адамдардын позициясын колдойбуз» дей алган да жок. Коопсуздук органдарынын да бул боюнча позициясы анча түшүнүксүз. Динчилдерге каршы сөз айткан кишилер тууралуу арыз түшсө дароо аракеттенишет. Ал тургай тээтиякта жаткан эле Орусия Федерациясынын мамлекеттик саясатынын айрым өңүттөрүнө каршы чыккандарды кармап кетип чара көргөн учурлар бар. Кыргыздын Жетим-Тоосун коргоп чыгалы деген Тилекмат аттуу жарандык активист камакта отурат. Анан кыргыздын баалуулугун коргоого келгенде эле жыйынтыгы көрүнбөйт же көз жаздымда калат. Балким динчилдер көпчүлүктү түзөт деген ой менен ошондой позицияда турушу ыктымал. Ушул позициянын өзү улуттук коопсуздуктун позициясы эмес. Ооба, алар көп. Бирок улуттун өзөгүн диний эмес, улуттук баалуулуктар түзөт. Кыргызстан мамлекетине бекеринен Кыргыз Республикасы деген ат берилген жок. Кыргыз эли – ушул мамлекеттин негизи. Кыргызстан – унитардуу мамлекет. Эгерде муну түшүнбөсө улуттук коопсуздук органдары кайсы мамлекет үчүн иш жүргүзүшү керек экенин өздөрү түшүнбөгөн болот. Кийинки убакта ошондой күмөн ойлор күч алып баратат. Анткени итке калпак кийгизип чыгышканда да, Садыр Жапаровдун тарапташтарынын бири «Манас» айтымыш болуп оозго алгыс чирик сөздөрдү сүйлөп турганда да улуттук коопсуздук органдары эч кандай чара көргөн эмес. Башкаларга сабак алгыдай кылып жоопко тартылганы тууралуу ачык-айкын маалымат берген эмес.Манас кыргыз эли үчүн жөн гана адабий чыгарма болуп чектелбейт. Манас – улуттук иденттүүлүк маселеси, улуттун идеалы. Эпостогу каармандын басып өткөн жолу менен жүргүзгөн күрөшү тургай анын аты да кыргыз эли үчүн ыйык болуп келген. Адам начар чыгып калышы мүмкүн болгондуктан балдар төрөлгөндө ага Манас деп ат коюуга тыюу салынган. Бул тыюу кийинки кылымда гана бузула баштады. Айтмакчы кийинки жылдардын чындыгы ата-бабалар бул жагынан абдан даанышман болушканын далилдеди. Манастын бийиктигине болгон мамиле кыргыздын кыргыздыгын аныктайт. Андан диний болобу, саясий болобу, башка баалуулуктарды жогору коюу кыргыздар үчүн улуттук чыккынчылыкка тете. Эгерде логиканын эле мыйзамына салсак, кыргыз эли үчүн башын сайып өмүрүн арнаган, анын кызыкчылыгына салым кошкон адамдардын ар бири, динине же атеисттигине карабастан, кызмат кылган режимине карабастан, диний каармандардын бардыгын бириктиргенден да жогору турат. Мисалы ислам келгенге чейинки эле Барсбек каган кыргыз деп жүрүп өмүрү өткөн. Орозону кышында карматып койгон Ормон хан казак чапкынында мыкты лидерлигин көрсөткөн. Коммунист Жусуп Абдрахманов кыргыз элин ачкачылыктан сактап калган. Заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн. Коммунист Касым Тыныстанов кыргыз тилинин грамматикасынын негиздерин түзүп кеткен. Динге берилбей-этпей эле жүрүп Байдылда Сарногоев улуттук адабияттын мыкты үлгүлөрүн калтырган. Азыркылар ошолордун шыйрагына тең келе албай отурбайбы?Эгерде ошончолук эле мыйзамды мыкты сактайлы десек, анда илгеркиден баштайлы. Гүлзат Аалиеванын өзүн сөгүп опузалагандардын баарына иш козгойлу. Аларга каршы Жазык кодексинин беренеси көбүрөөк болот. Түгөлбай Казаковго акаарат келтирип ыплас сөзүн агыткандардын баарын сотко берели. Азыркы сөөк коюу схемасы кыргыздар исламга кире элек кезде башталган. Ишенбесеңер башка мусулман элдеринин сөөк коюу схемаларын карап көргүлө. Ошондуктан «теңирчилер өлүктү даракка асып таштаган» деген Абдышүкүр Нарматов айтканына илимий далил келтирип окумуштуулардын алдында жооп берсин. «Кыргыздар ислам келгенге чейин ит-кушка сыйынып жүргөн» дегендердин баары сөзүнө далил келтирсин. Далилдей албаса ошолордун баары соттолсун. Болгондо да биринчи иретте соттолсун.«Теңир» деген кыргыздын нукура сөзүнө каршы чыккандардын баары улуттук баалуулуктарга акаарат келтирген адам катары жазага тартылсын. Манастын атын, ага байланышкан каармандардын аттарын аракка койгон ишкерлер кыргыз элинин алдында кечирим сурасын. Кааласа өз чоң атасынын атын кое берсин, каршылык жок. Бирок Манастын атына тийишпесин. Улуттук баалуулуктарга ачык шек келтиргендер боюнча УКМК өз алдынча иш козгоп, баарын таап жазаласын. Улуттук баалуулуктардан жана мамлекеттик кызыкчылыктан диний баалуулуктарын жогору коюп, ошого жараша аракеттене турган диний агымдардын баарын мамлекет жоюп, алардын тарапташтарын аесуз камасын. Ошондо бул мамлекеттин башындагылар чын эле улуттук кызыкчылыкты көздөй турганына ишенели. Азырынча андай далилдердин бирин да келтире элек. Андыктан аны жасамайынча улуттук баалуулуктарды коргоп жүргөндөргө тийишпесин. Бул кандагы нерсени козгойт жана аягы жакшы бүтпөйт. Дүйнө бир орунда турбайт. «Устаранын мизинде оодарылган дүнүйө» деп кыргыз бекеринен айткан эмес. Замандын талабына жараша кечээ кадыресе көрүнүш катары бааланган нерселер бүгүн жарабай калат. Тогуз жашар кызды аялдыкка алгысы келген киши бүгүнкү күндө педофил, өзүнөн улуу жана бардар жашаган аялга үйлөнгөндөр альфонс катары бааланат. Жакын тууганына кызын берген көрүнүш кыргызда инцест катары кабыл алынат, ал эми ошол күйөө баласына бийлик берүү үй-бүлөлүк башкаруу катары сынга алынып келатат. Анын баары кааласаң-каалабасаң да эч ким танбай жүргөн факты. Дин менен улуттун, дин менен мамлекеттин, дин менен илимдин алака-катышы да өзгөрүлүп жүрүп отурат. Ошондуктан биздин көздөй турган нерсебиз – бир гана улуттук кызыкчылык болууга тийиш. Анткени улут – бул биз өзүбүз. Өзүбүздөн тана албайбыз. Диндердин, илимдин, геосаясаттагы өнөктөштөрдүн кайсынысы жана кандай өлчөмдө бизге керек экенин алар эмес, биз чечишибиз керек. Азырынча андай маанидеги улуттук кызыкчылык калыптанмак тургай күн тартибине коюла элек. Жалпысынан бул маселени чечүүнүн узакка созула турган стратегиялык бир гана жолу бар. Диний фанатизм билимсиздиктен улам чыгып жатат. «Билим бериш керек» десе эле «ооба, тигилер диндин жаман версиясын окутушат, биз жакшысын окуталы» деп чыга калган дин өкүлдөрүн угуп отуруп ошол күнгө жеттик. Алардын көздөгөн максаты эле ошол болчу. Жакшы полиция менен жаман полициянын ролун аткарып жатса ошого ишенип алып бүтүндөй улуттук идеологиябызды алдырып отурабыз. Көп адамдар диндин алкагынан чыга албай калды. Айрыкча аврамисттик диндер салыштырып айтканда дүйнөнү ак-кара түскө гана бөлүп көрсөтөт. Бирок дүйнөдө толтура түстөр бар. Анын баарын көргөн кишинин түшүнүгү кайра барып динге сыйбайт. Аврамисттик диндердин диний эмес, илимий тарыхын окуган, башка да диндерди түшүнүп чыккан, дүйнөнү кандай күчтөр кантип башкарып атканын билген адамдардын дүйнө таанымы ага кайра алып барып тыксаң да батпайт. Билими бар акыл-эси бар адам орто кылымдардагы бир киши Айды тең экиге бөлгөнүнө ишенбейт. Антип айткандарга сокур фанат болбойт. Ошондо гана адам өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ болот. Тандаган жолу аң-сезимдүү түргө өтөт. Андан көрө ошого умтулалы.

Илимпоздун синдиси Нурзат Аалиева эжеси камактан чыккандан кийин мындай деди:

Эжем Гүлзат Аалиева үй камагына чыгып, жүрөгү кыргыз деп соккон дос-тааныштарыбыз, идеялаштар, тарапташтар менен бирдикте сот адилеттүүлүгүнө ыраазы болуп турган чагыбыз.Эжем сот залынан чыккандан кийин — кечээ кечинде жана бүгүн кечке үйдөн киши үзүлгөн жок. Гүлзаттын ал-абалын сурагандардан, колдоо сөздөрүн айткандардардан телефонумдун жаны тынбай жатат. Түгөнгөн сайын түтөгөн, кырылган сайын кычаган кыргыз жоголбоптур. Анткени, эжем камакка алынганы тууралуу кабар тарагандан кийин мага келип, биздин үй-бүлө менен бирдикте түнкү суукка, жааган жамгырга моюн сунбай эжем камалган жерге барып, Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгып, эртеси күнү чайыттай ачуу тийген күнгө карабай, 2 күн бою жумушун, үйдөгү балдарын таштап, мекенчил замандаштар өз колдоолорун билдирип, кирпик какпай, тикеси менен тик турушту. Алар эки күн бою бир тамчы суу ичпей, бир кесим нан жебей, кезээргенине карабай, эжемди бир дем менен колдоп беришти, — деп ыраазычылыгын билдирген.

P.S. Учурда УКМКдан коркуп айрым интернет колдонуучулар ар кандай курч пикирлерди жазгандан тартынып, коркуп да калышты десек болот. Туура мыйзам баарына бирдей. Болгону ар бирибиз ошол мыйзамды сыйласак, мамлекетибизде тартип орнолот. Буга далил болуп казынага айып төлөп бергендер далил. Болгону ошол каражаттар туура колдонулуп, туура багытталса.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.