Ташиев: Садыр Жапаров түрмөдө акыйкатсыз отурат. Аны чыгарууну президенттен суранам

Окуялар тизмеги, Өлкө 29 Ноя 2019 10:20
0 ой-пикир

«Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровду түрмөдөн бошотуу маселеси боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. «Азаттыктын» «Эки бир» көрсөтүүсүндө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

— Садыр Жапаров түрмөдө акыйкатсыз отурганын белгилейм. Аны чыгарууну президенттен суранам. Аны «бул киши чыгарбай жатат» деп анык айта албайм, себеби аны билбейм. Бирок Садырдын камакта кармалышын таш боордук деп эсептейм,- дейт Ташиев.

Эске сала кетсек, камакта жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров президенттен ырайым сурап кайрылгандыгы жакынкы күндөрү маалым болгон.

Кайрылууда Садыр Жапаров өзү айыпталган иште күнөөсү жок экенин белгилеген. Абакта олтурган кезинде ата-энесинен, андан соң уулунан ажыраганын, жакындары оор абалда экенин айткан. Аларга учурда өзүнүн колдоосу керектигин айтып президенттен ырайым кылып эркиндикке чыгарууну өтүнгөн.

Садыр Жапаров 2017-жылдын март айынан бери Чүйдүн Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү жайында жазасын өтөп жатат.

Ал Кылмыш-Жаза Кодексинин 227-беренесинин 2-бөлүгү (барымтага алуу) боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан 2017-жылдын 2-августунда соттолуп, 11 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.