Ишкер Саймаитинин өлүмүндөгү сырлуу жагдайлар

Окуялар тизмеги 12 Ноя 2019 14:52
0 ой-пикир

Өлкөдө эки күн катуу талкууга түшкөн тема бул Стамбул шаарындагы жеке ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмү болду. Маркум «Азаттык» жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө кеп болуп, коомчулукта чоң резонанс жараткан.

Иликтөөдө Саймаити бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чет өлкөгө 700 млн долларга жакын акча чыгарып кеткени көрсөтүлгөн. Бул адамдын атынан Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атасынын атындагы фондго чет өлкөдөн кайра акча которулганы сөз болгон.

Окуянын дагы бир сырдуу жагдайы — полиция кызматкерлери ишкердин чөнтөгүнөн тапкан автоунаанын ачкычы. Ачкыч мейманкананын маңдайында турган «Рейнж Ровер» үлгүсүндөгү жол тандабаска таандык болуп, ага Түркиядагы Кыргызстандын консулдук кызматкерлери колдонгон 34 CC 2902 номур болгон.

Айрым божомолдорго караганда, бул унаа Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоковго таандык. Түрк ЖМКлары номер жасалма болушу мүмкүн деген пикирди карманышууда.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Айэркен Саймаити киши колдуу болгон жерден табылган унаа Башкы консулдукка таандык экендиги текшерилүүдө деген гана маалыматты таркатты.

Өлкөдө чоң резонанс жараткан ишкердин өлтүрүлүшү, окуянын сырдуу жагдайлары жана бийликтин ачык-айкын маалымат бербегендиги албетте коомчулукта түрдүү бүдөмүк ойлорду жаратууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.