Айэркен Саймаити атып кеткен жерден табылган унаа КРнын Башкы консулдугуна караштуубу? ВИДЕО

Окуялар тизмеги, Өлкө 11 Ноя 2019 21:50
0 ой-пикир

Кытайдын жараны Айэркен Саймаити киши колдуу болгон жерден табылган унаа КРнын Башкы консулдуктун унаасы болгондугу текшерилүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда текшерүү жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөт.

Эске сала кетсек, быйыл май айынын соңунда «Азаттык» жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөө коомчулукта чоң резонанс жараткан. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган.

10-ноябрь күнү Саймаитини белгисиз адам атып кеткен. Окуя Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.