Абылгазиевдин чабалдыгы же «серыйлардын» заманы

Аналитика, Статьялар 23 Окт 2019 14:18
0 ой-пикир

Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн

Өткөн жекшембиде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өкмөт башчы кызматында отурганына бир жарым жыл болду. 2010-жылдын 7-апрелинен кийинки Өкмөт башчылар кызматында болгону бир жылга жакын же 1-2 ай ашык убакыттан отурушкан. Бир гана Жантөрө Сатыбалдиев, эми болсо Мухаммедкалый Абылгазиев рекорд коюшуп, кызматында 1 жыл 6 айдан отурушту.

Абылгазиевдин Өкмөтү өлкөдөгү абалдын күзгүсү

Сурамжылоолорду карай турган болсок, коомчулук Кыргызстан өнүкпөй эле, бир орунда туруп калганын айтышууда.

Бул абал деле анча жаман эместей. Эл туруксуздуктан чарчап калгандай. Эл туруктуулукту, тынчтыкты каалаганы кадимки көрүнүш. Бирок Абылгазиевдин бир орундан жылбаганы бул башка кеп. Кендерге байланышкан акыркы чууларды эстөө абал туруктуу деле эмес экенинен кабар берет.

Ал эми Абылгазиевдин Өкмөтүнө мүнөздөмө берсек – бул бир орундан жылбаган Өкмөт, башкача айтканда, идеялардын жоктугу, экономикада өсүштүн жоктугу, белгилүү бир максаттарга жетүү үчүн даярдалган долбоорлордун, программалардын жоктугу. Бирок бул министрлер кабинетинин отставкага кетүүсүнө негиз эмес.

Жайында Абылгазиевдин Өкмөтүн отставкага кетирүү керектиги тууралуу сөздөр көп болгон. Өкмөт башчы кызматтан кетери бышыкталып калгандай эле. Бирок, өлкөнү дүрбөлөңгө салган Кой-Таш окуясынан кийин Өкмөттү алмаштыруу унутта калды. Кандайдыр бир сыйкыр болуп кеткендиктен эмес, Абылгазиевдин кабинетинин рейтинги жогорулап кетти. Коомчулук орун алмашуудан сумма өзгөрбөстүгүн түшүндү.

Абылгазиевдин Өкмөтүнүн мындан аркы тагдыры кандай болушу мүмкүн

Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттик шайлоого чейин отурат көрүнөт. Өлкөдө кандайдыр бир чукул кырдаалдар болуп кетпесе жана кимдир бирөөнү тезинен отставкага кетирүү керек болуп калбаса, Өкмөттүн өмүрү узун болот.

Абылгазиев иштин көзүн таап, көңүл толорлук натыйжа көрсөтүп жаткандыктан кызматта калбайт. Ал бийликтин туруктуулугун камсыз кылып, президентти толуктап туруу функциясын аткарбаса дагы, Ак үйгө ыңгайлуу болгондуктан кызматынан кетпей отурат. Себеби, өкмөт башчы жана президент — мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча кемчиликсиз тандем болушу шарт. Бирок, жылмалап айтканда, сындын баары көп белгилүү болбогон премьер-министрге эмес, президенттин дарегине айтылып келет. Абылгазиев эмдигиче кызматтан алынбаганына караганда Ак үй бул абалга көз жумуп койсо керек.

Жээнбековдун башкаруусунда Абылгазиев түшпөс Өкмөт башчы болбойт деңизчи. Балким, ал 2020-жылдын октябрындагы шайлоодон кийин жаңы көпчүлүк коалиция түзүлгөн соң премьер-министр кызматынан кетиши мүмкүн.

Бирок муну менен эле анын саясаттагы карьерасы бүтүп калбаса керек. Жайында эле айтылгандай, Абылгазиев Эсеп палатасынын төрагалыгына барат деген божомолдор бар.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.