Чоңдор кескен кызыл лента бийликтин жүзү

Аналитика, Статьялар 22 Окт 2019 17:51
0 ой-пикир

Сере Чалканова — атайын Elgezit.kg үчүн

Жакында эле социалдык тармактарда, андан соң ММКларда Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев фитнес-клубдун ачылышында кызыл лента кесип жаткан сүрөтү кызуу талкууга алынды. Спортзалдын ачылышы аткаминерлердин катышуусу менен өткөн бир нече иш-чараларга туш келди. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги 5 жылдыздуу Sheraton мейманканасын ачса, маданият министри Азамат Жаманкулов депутаттар менен бирге түштүктөгү борбордо Jannat Resort Osh мейманканасын ачты, вице-премьер–министр Кубатбек Боронов болсо Алай районундагы арканын ачылышында кызыл лента кескен болчу.

Жогоркусунан тарта орто кызматты ээлеген биздин аткаминерлер лента кесүү ишине катышканды абдан сүйүшөт.

Бирок акыркы жылдары райондук деңгээлдеги аткаминерлер кызыл лента кеспей да калышты. Себеби алардан жогорку кызматта тургандар өтө эле майдаланып кетишкендиктен спортзалдардын, бассейндердин, балдар аянтчасынын, жолдордун ж.б. ачылыштарында өздөрү лента кесишет. Дал ушул жерде бийликтин эки көйгөйү көрүнүп турат.

Биринчи көйгөй

… Башка ача турган, көз толуп, ич чыга тургандай эч нерсе жок. Акыркы жылдары эч кандай ири мекемелер, ишканалар курулган жок. Ошондуктан лента кесүү менен өзүн жарнамалоону каалаган аткаминерлер айласыздан социалдык-маданий мекемелерди ачуу менен алек. Ал эми бул мекемелердин көбү бюджеттин каражатына эмес, жеке тараптардын күчү менен курулуп жатканы аларды эч эле ойлондурбайт. Анан албетте коомчулук башканын жасаган ишинен өзүнө пайда тапкысы келгендерди сындабай койбойт да.

Ал эми аткаминерлердин болсо бул сындарга жооптору даяр. Чакырып жатышса эмнеге барса болбосун дешет алар. Мындан сырткары, алар чакырууну кабыл албай коюшса эл, анын ичинде бизнесмендер таарынып калат деген пикирди карманышат. Бирок, мисалга алсак, райондун борборунун кире беришине арка кайсы бир депутаттын каражатына орнотулса, ага райондун акими катышып жатса, ал жакка вице-премьер министрдин баруусунун канчалык кажети бар эле, себеби бул кадамдар иш-чаранын көркүн ачпастан, тескерисинче Өкмөттүн аброюн төмөндөтүп жатпайбы. Өкмөттөгүлөргө мындай райондун деңгээлиндеги иш-чарага катышпай эле коюу туура экенин кантип түшүндүрсөк болот? Бул кадамдар аларды элге жакындатпай эле, тескерисинче бийликтин баалуулуктарына шек келтирип жатканын кантип билдире алабыз?

Экинчи көйгөй

… Стратегиялык мазмундуу кадамдын жоктугу. Премьер-министр спортзалдын ачылышына катышса болобу? Албетте болот, бирок эгерде бул иш-чара Өкмөттүн дене тарбия жана спорт жаатындагы иштери тууралуу же социалдык долбоорлорду ишке ашырып жаткан бизнесмендер үчүн салыктык жеңилдиктер берилип жатканын айтуу үчүн шылтоо болсо. Мындай кадам мекеменин ачылышына маани бербей, Өкмөттүн аткарып жаткан иши тууралуу эл арасында кеп козголуусуна себеп болмок. Анткени алгач Өкмөт башчы эмнелерди айтканы, андан соң гана кайда айтканы талкууланмак. Премьер-министр тарабынан эч кандай стратегиялык жактан маанилүү билдирүү болбогондуктан ал фитнес-борбордун ачылышына эмне себептен катышты деген суроо туулат?

Ири өнөр-жай ишканасы же маданий, социалдык багыттагы ири мекеме болсо го бир жөн, анда бийлик өзүн каалашынча пиар кылып алса болмок. Себеби ал курулган мекеме бийликтин ишинин натыйжасын көрсөтмөк. Ал эми кичинекей борборлор, мекемелер чоң кызматтагы аткаминерлердин катышуусу менен ачылып жатканы бийликтин чабалдыгынан кабар берип турат. Ошондуктан коомчулук бийликти жерден алып көргө чаап жатат. Себеби пиар иштеринде мындай катачылыктар кечирилбейт.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.