Сооронбай Жээнбеков Японияга учуп кетти

Окуялар тизмеги, Өлкө 20 Окт 2019 19:56
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-октябрда, иш сапар менен Японияга учуп кетти. Бул жөнүндө президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат.

Ошондой эле иш сапардын алкагында, Кыргыз Республикасынын президентинин Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.

Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз менен жолугат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.