Жээнбеков шайлоодогу убадалары кандай аткарып жаткандыгын токтогулдуктарга айтып берди

Окуялар тизмеги, Өлкө 17 Окт 2019 15:54
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда, Жалал-Абад облусуна эки күндүк иш сапарынын алкагында Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушууда.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө президенттикке талапкер кезинде бир катар убадалардын катарында аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу убадасын бергенин эске салды.

«Региондорду өнүктүрүү зарылдыгы элет жеринде жашаган адамдардын жашоо турмушун жакшыртуу, жаӊы жумуш орундарын түзүү, элди иш менен камсыз кылуу аркылуу миграциянын агымын токтотуу зарылдыгынан келип чыкты. Буга чейин мамлекеттин экономикалык саясаты аймактарды өнүктүрүүгө жөндөмсүз болуп келди. Бюджет, салык, акча, кредит саясаттары региондордун өзгөчөлүгүн эске алган жок. Ошонун айынан ички миграция күчөдү. Ошол үчүн кайра-кайра регион деп айтып, бул маселеге өзгөчө көңүл буруп жатам», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал өлкөдөгү аймактарды өнүктүрүү маселесин санариптештирүү процесси менен шайкеш ишке ашыруу, ички жана тышкы миграцияны азайтуу, ишкердикти колдоо, жумушчу орундар менен камсыз кылуу, элет жеринде жашаган адамдардын жашоо турмушун жакшыртуу, бюджет, салык, акча, кредит саясатын аймактарга буруу, элетти өнүктүрүү үчүн шарт түзүүгө багытталган иштерге токтолду.

Маалыматка ылайык, айыл чарба продукциясын кайра иштеткен жергиликтүү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылды. Дотациялуу аймактарда ачылган, экспортко багытталган ишканалар 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө пайдага, сатууга, мүлккө жана жерге салынчу салыктардан бошотулду. МТС, соода-логистикалык борборлор жана айыл чарба кооперативдери үчүн жеңилдетилген салык режими киргизилди. Технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасын төлөбөй калышты. Продукцияларды сертификаттоо боюнча жаңы лабораториялар курулду.

Өткөн жылы РСК Банк, Айыл Банк жана Кыргыз-Орус өнүгүү фонду тарабынан Кепилдик фонддун колдоосу менен жалпысынан 25 млрд. сомдон ашык кредит жана гарантия берилди. 2019-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча 18,9 млрд. сомдон ашык каражаттар берилди. Долбоорлордун 80 пайызы аймактардагы ишкерлердин демилгесин колдоого багытталган.

Мындан тышкары, ФСХ-6 программасы боюнча 11 коммерциялык банк тарабынан жалпы суммасы 5,5 млрд. сомдук 11 миӊден ашык айыл чарба насыялары берилди. Быйыл, ФСХ-7 программасы боюнча 5 млрд. сомго жакын 10 миңге жакын жеңилдетилген насыя берилди.

«Региондорду адистештирүүнү чыңдоо, региондордун атаандаштык артыкчылыктарын күчөтүү жана экспорт кылуучу ишканаларды мамлекеттик колдоо уланат. Региондордо жарандардын жашоо сапатын жана потенциалын жогорулатуу мамлекеттин жакынкы жылдары артыкчылыктуу милдети бойдон калат», — деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле токтогулдуктарга жол жана социалдык инфраструктураларды куруу, ишке ашырылып жаткан энергетикалык долбоорлор, улуттук долбоорлор — өлкөнү таза суу менен камсыздоо, ирригация объектилерин куруу боюнча кеңири маалымат берди.

Энергетика тармагына токтолуп, Токтогул ГЭСинде акыркы 40 жылдын ичинде болбогон реконструкция иштери жүргүзүлүп жатканын, 2023-жылга чейин гидроагрегаттарды алмаштыруу боюнча иштер аяктап, натыйжада анын кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйөрүн айтты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Токтогул ГЭСинен үнөмдөлгөн каражаттар Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоого жумшалат. Учурда Камбар-Ата ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо боюнча иштер уланууда. Камбар-Ата-1 жана Жогорку–Нарын ГЭСтердин каскадын куруу үчүн инвесторлорду тартуу иши жүрүп жатат. CASA 1000 долбоорунун алкагында электр линияларын куруу башталууда.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле учурда ишке ашырылып жаткан сот-укуктук реформасы, коррупцияга каршы күрөш, тышкы саясаттагы жетишкендиктер, саламаттык сактоо, билим берүү сыяктуу өзгөчө көңүл бурулуп жаткан багыттар боюнча дагы маалымат берди. Убадалангандай, мугалимдердин айлыгы ушул жылдын октябрынан тартып 30 пайызга көбөйтүлгөнүн айтты.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам факторунун жоюлушуна, бюрократиянын азайышына, коррупциялык элементтерди жокко чыгарууга багытталган долбоорлор — «Түндүк» электрондук системасы, «Санарип аймак» санариптик платформасы, «Коопсуз шаар» жана «Коопсуз жол кыймылы», долбоорлоруна кеңири токтолду. Digital CASA долбоорунун алкагында региондор интернет менен камсыздалып, мектептерге жана ооруканаларга жаңы технологиялар терең киргизилерин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Турак жайга мамлекеттик ипотеканын пайызын төмөндөтүү чаралары боюнча айтып берди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.