ВИДЕО: Келдибеков Сооронбай Жээнбековду «журт атасы» деп атады

Окуялар тизмеги, Өлкө 15 Окт 2019 15:22
0 ой-пикир

Коомдук ишмер Ахматбек Келдибеков президент Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдой турганын айтып, «КСДП партиясынан чыктым дебей, «журт атасы» боло алганын» «Азаттыктын» «Эки бир» программасында билдирди.

«Сооронбай Шарипович президент болуп шайлангандан кийин «мен баланча партиядан келдим. Мен КСДПнын гана кадрларын, саясатын колдойм» дебей, журт атасы экенин көрсөтө алды. Оппозиция, позиция дебей, Атамбаевдин убагында куугунтукта жүргөндөрдүн эч кимисине карабай, кылган эмгегине жараша баарын мамлекеттик иш-чараларга чакыра баштады. «Менин партиялашым же Атамбаев мени колдоду эле» дебей, ошол учурда желип, уурдалып кеткен нерсенин баарын ачыкка чыгарып, жоопко тартып жатат, — деди Келдибеков.

Акматбек Келдибеков буга чейин Социалдык фондду, Мамлекеттик салык кызматын жетектеп, парламент спикери да болгон.

Эсске сала кетсек, 2016-жылы мурунку президент Алмазбек Атамбаевди «журт атасы» деп СДПК фракциясынын лидери Иса Өмүркулов атаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.