Карамушкина Жээнбековго: «Басым кылууга эмес, башкарууга басым жасаңыз»

Окуялар тизмеги 10 Окт 2019 16:06
0 ой-пикир

КСДП фракциясынын эл өкүлү Ирина Карамушкина президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, андан Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын кабыл алууну талап кылды. Ал парламенттин 10-октябрдагы жалпы жыйынында жасаган билдирүүсүндө өлкөдө жарандардын гана эмес депутаттардын да укуктары бузулуп жатканын айтты:

— Мен бүгүн президентке мурдагыдай эски досу, партиялашы катары эмес, өлкөнүн президенти катары түз кайрылам. Биз аудиенцияны талап кылабыз, бизди кабыл алыңыз. Көзүбүзгө тике карап туруп өлкөдө эмне болуп жатканын айтыңызчы. Эгерде сиз элди бириктирип, өлкөнү өнүктүргүңүз келсе басым кылууга эмес, башкарууга басым жасаңыз.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.