Жээнбеков: ЕАЭБ түзүлгөндөн бери жаңы шарттар ачылды

Окуялар тизмеги 02 Окт 2019 10:36
0 ой-пикир

«ЕАЭБ рыногунда тоскоолдуктарды жоюу боюнча биздин Өкмөттөр тиешелүү чараларды көрүшү керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, Армениянын Ереван шаарындагы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңейтилген курамындагы жыйынында.

Мамлекет башчысы 5 жылдын ичинде бирдиктүү бажы аймагы түзүлүп, экономиканын дээрлик бардык чөйрөлөрүндө макулдашылган саясат жүргүзүлүп жатканын, экономикалык өнүгүүгө жана ЕАЭБ мамлекеттеринин элдеринин бакубатчылыгын жогорулатууга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганын белгиледи.

«2018-жылы дүйнөнүн ири экономикалык державаларынын ортосундагы соода-сатык мамилелеринде чыңалуунун кыйла күчөшү орун алды. Мындан тышкары, бул процесстердин биздин биримдиктин ичиндеги экономикалык абалына тийгизген терс таасирин көрүп жатабыз. Геоэкономикалык аспектилерден тышкары биздин өзүбүздүн жетишсиз ишибиз дагы ич ара соода-сатыктын көлөмүнүн өсүшүнүн жайлашына себеп болууда. Кыска мөөнөттүү пайданын артынан кууп, айрым өлкөлөр мамлекеттик көзөмөлдү катуулатып, кошумча тоскоолдуктарды жаратып жатышат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент мындай мамиле интеграциянын натыйжалуулугун азайтып жатканын баса белгиледи.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.