Жээнбековдун Арменияга келген лидерлер менен селфи жасады

Окуялар тизмеги 01 Окт 2019 13:55
0 ой-пикир

1-октябрда Ереванда Евразия Экономикалык Кеңешинин жыйыны өтөт. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышууда. Кыргыз делегациясы 30-сентябрда Арменияга кетишкен.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жээнбеков Евразия Экономикалык Биримдигине кирген мамлекет башчыларынын «Евразия континентинин транзиттик дарамети» форумунун ишине катышат.

Кыргыз делегациясынын курамында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Санжар Муканбетов жана финансы министри Бактыгүл Жээнбаева бар. Жолугушуу Ереванда өтүп жатат. Никола Пашинян өз баракчасына коноктор менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Анда Сооронбай Жээнбеков да бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.