Табылды Акеров, саясий талдоочу: «Малаховдун бул көрсөтүүсү толук былжырак»

Окуялар тизмеги 27 Сен 2019 13:31
0 ой-пикир

Саясий талдоочу Табылды Акеров: «Малахов өзүнүн пастыгын көрсөттү», — деп Еlgezit.kg басылмасына билдирди. Ал тергөөчү эмес да, алдын ала жыйынтык чыгаргандай. Ал өзүнүн сөзү менен залды да акырын кыргызстандык жаранга каршы түкүрүп койду. Ошого залдагыларда бул заказдык кылмыш деп чыгышты.

Бирок, Маркумдун энеси заказ деп айта албады. Себеби, ал эне катары билет да кайсы эле ата аялынан өч алуу үчүн өзүнүн уулун заказ берсин. Малаховдун бул көрсөтүүсү толук былжырак болуп калды. Албетте, ал кыргызстандыктардан кечирим сурашы керек. Орус жана кыргыз элинин мамилелери Малаховдун бир көрсөтүүсү менен бааланбайт. Эки элдин ортосундагы мамилелер бул чоң тарых, бүтүндөй бир тарыхый эпоха.

Белгилей кетсек, «Россия 1» каналында көрсөтүлгөн берүүдө миллиардер Алеrсандр Маруговдун уулу каза болгон жол кырсыгы талкууланды. Жол кырсыгында мотоцикл менен такси кагышып, мотоциклдин айдоочусу көз жумган. Андрей Малахов анда таксинин кыргызстандык айдоочусун адам өлтүрүүгө күнөөлөгөн. Алып баруучунун пикиринде, 10 доллар айлык акы алып, чатырда үй-бүлөсү менен чогуу күн кечирип жүргөн кыргызстандыктар 100 миң доллар үчүн баарына даяр.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.