Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Баткен облусуна барды. Сапарынын алкагында мамлекет башчы Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушуп, социалдык-экономикалык тармактын объектилерине барат.
Сооронбай Жээнбеков Баткенге февраль айында барып, Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолуккан. Мындан сырткары Кадамжайдагы «Факел» чек ара тозотунун жаңы курулган имаратынын ачылышына катышып, Ош-Баткен-Исфана автожолун реконструкциялоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышкан.
Ошондой эле Баткендеги учурдагы кырдаал менен да таанышмакчы.
Сүрөт интернеттен алынды