Казакстанга алма, курма, картөшкө алып кирүүгө уруксат берилди

Окуялар тизмеги 23 Май 2019 16:20
0 ой-пикир

Казакстандын Айыл чарба министрлиги 2019-жылдын 22-майдан тарта кыргыз азыктык жана үрөндүк картошка, алма, курмасын ташууга тыюуну алып салды.

Бул чечимди 2019-жылдын 28-февралында Нур-Султан шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Казакстандын премьер-министринин орун басары Женис Махмудулы Касымбектин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча кол коюлган протоколдун жана карантиндик фитосанитардык көзөмөл маселелери боюнча жол картасынын жыйынтыгында кабыл алышкан.

Өкмөт делегациясы Казакстанга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен учуп кеткен.

Эскерте кетсек, убактылуу карантиндик фитосанитардык чаралар 2019-жылдын 19-февралында казак тараптан киргизилген эле.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.