Президент үч мамлекеттеги Кыргызстандын элчилерин дайындады

Окуялар тизмеги 06 Мар 2019 11:11
0 ой-пикир

Президент үч мамлекеттеги Кыргызстандын элчилерин дайындады. Бул тууралуу Преизиденттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өлкө башчысы кол койгон жарлыктын негизинде, Ниязов Мирослав Джумабекович Кыргыз Республикасынын Ооганстан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Президенттин дагы бир жарлыгы менен  Муктар Джумалиев Кыргызстандын Бельгиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Ал эми Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.