“Бечелге жөтөлдүн кереги не?”

Ансыз да бай эмес элибиздин эсин эңгиретип, буту-колунан тушап, этегине эрмешип, жакасына жармашып, өнүктүрө койбой өксүтүп келаткан элдик каада-салт, үрп-адаттарыбыздагы аша чаап кетмейлигибизди, “өлгөндүн үстүнө — көмгөн” кылып, бир бечаранын жалгыз уюн союп маараке өткөрмөй “салтыбызды” кыскартуу багытында буга чейин эчен ирет топураган элди топтоп, аттуу-баштуу жыйындарды өткөрүп, ат башындай болгон токтомдорду токуп, кабыл алганыбыз эсибизде. Бирок… бирок, араба дале болсо ошол эле жерде турат.

“Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” демекчи, азыр мурдакы союздун курамында түтүн булатып келишкен элдердин басымдуу бөлүгү акырындап болсо да бутуна турушуп, айрымдары алдыга ат чабым озуп чыгышканын сокур адам гана көрбөй калышы мүмкүн. Ал эми ошол элдердин бири – кыргыздар эмне үчүн дале болсо жакырчылыктын сазынан суурулуп чыга албай келебиз? Мунун объективдүү да, субъективдүү да себептери толтура деңизчи, анткен менен аксиомага айланып бараткан ушул соболдун учугунун учун элибиздин алдына дагы бир ирет таштап көрсөк ашыктык кылбас.

Ырас, элибиз өткөөл доордун кыйын-кысталыш тепкичтерин басып өтүп, аз да болсо ирденип калганы чындык. Деген менен, калктын басымдуу катмары дагы эле жакырдыктын туткунунан бошоно элек. “Карын ток болсо – каада көп” демекчи, айрым байлык, бийлигине чиренгендер (арасында аттуу-баштуу чиновниктер да толтура) элдик салт-санааны бурмалашып, атаандашып, той-топур, ар кандай мааракелерин (аза расмилерин да!) кафе, ресторандарда Ала-Тоодой эт, аш казан толо чык коюп, дүңгүрөтүп өткөрүү менен алек болуп калышканы турмуш чындыгына айланып олтурат. Ал эми колу жука, турмушу жарды жарандар “Казга теңелип, карганын буту сыныптыр” болуп, кашыктап жыйнаганын чөмүчтөп чачып, айлап-жылдап, азап-тозок менен жыйнап-тергенин бир күндө шамалга сапырып, кайра эле итке минип калып жатканы да чыркыраган чындык.

Той-топур, шаан-шөкөттөр ыксыз көбөйүп кетти. Туулган күн, паланча жашка чыккан юбилей ж.б.ларды өткөрүү айрым чиновниктердин, бардар адамдардын турмушундагы көнүмүш, расмий эрежеге айланып баратканы ар бирибизди ойлонто турган маселе. Дүйнөнүн эч бир жеринде кыргыздагыдай ысырапкерчилик жок, ага жол да берилбейт. Караңызчы: орто эсеп менен алганда маркумду узатуу менен кадимин, кыркысын, 52 күндүгүн, жылдыгын өткөрүүгө — 200-320 миң сом, атасына аш берсе – 450-500 миң сом сарпталаары аныкталган. Үйлөнүү, сүннөт, үй, пенсия тойлорун бул жерде кошпосок деле жетидеги баладан тартып, жетимиштеги аксакалга деле маалым. Ушинтип жүрүп анан качан байып, качан этек-жеңибиз жерге жетип, качан башка элдерге теңелебиз?

Дагы бир нерсени айткым келип турат. Чет жактарга барып окуп, иштеп, жашап жатышкан жаштарыбыз, башка атуулдарыбыз ал жактарда жашаган ар бир үй-бүлө, кызматкерлер так эсеп, үнөм менен бакубат жашоо, узун өмүр сүрүүнүн үлгүсү болоорлук деңгээлге жеткенин аңыз кылып айтышат. Дегеле чет өлкөлөрдө жашаган бай-бардар адамдар жөнөкөй, жупуну кийинишип, тейлөөнүн да жупуну ыкмаларынан пайдаланышат экен. Бул нерсе, эмне, биздин колдон келбейби?

Эми кайра ашкере, ыксыз ыгым-чыгымдарга келсек. Мусулмандардын ыйык китеби Куръани Каримде да ашыкча чыгымдарга жол бербөө зарылчылыгы атайын аяттарда, сүрөлөрдө ташка тамга баскандай белгиленгенин мечитке өмүрүндө барбаган адам да билет. Ошолорго ылайык, адам кайтыш болгон үйдө үч күнгө чейин мал-жандык союлуп, элге тамак-аш берилишине катуу тыюу салынган. Ал эми бизде бирөө акыретке аттанып, анын жакындары аза кайгысын тартып ыйлап-сыздап турушса, ага аз акүтүүнүн, көңүл айтуунун, акыркы сапарга татыктуу узатуунун ордуна согум союп, жаназага келген элге тамак-аш, мүчө тартып, кадим, жыртыш берүү менен убара болуп келебиз.

Айта берсе арман көп. Андыктан, элибизди ичинен ириңдетип, такыр сакайта койбой келаткан жогорудагы оор илдеттерибиздин биринен арылууга жапа тырмак киришип, астейдил аракет кылбасак, “баягы, баягы – бай койчунун таягы” болуп жүрө берерибиз анык. Менин жеке пикирим – бул үчүн ар бир жаран, үй-бүлө, биринчи кезекте — өзүнөн баштап, башкаларга үлгү болушу шарт. Айрыкча, атка минерлерибиз!

P.S.: Бул илдет – мен өз элимдин атуулумун деген ар бир инсан тикеден-тик туруп күрөшпөсө эч качан жоюлбашы айдан ачык маселе. Бармак басып, көз кысып, кайдыгерликтин калпагын кийип жүрө бербей, бабалардын алтын акылына астейдил саресеп салып, өз турмушубузду өзүбүз оңдоп, үнөм, сарамжал, бай-бардар жашоого аракетти жапырт баштасак гана оңолобуз. Жогор жактан көрсөтмө, буйрук, директива күтүп олтура беребизби? Же башка элдерден кем-кетик жерибиз барбы?

Сиз не дейсиз, азиз окурман?

Билдирүү калтыруу