Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды

Окуялар тизмеги 04 Фев 2019 09:19
0 ой-пикир

Өмүрбек Суваналиев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн бүгүн, 4-февралда кабарланды.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Өмүрбек Суваналиев 58 жашта, 1981-жылы СССР ИИМинин алдындагы Караганды облусундагы жогорку окуу жайды аяктаган.

Эмгек жолун Талас ОИИБинде 1981-жылы опер-кызматкери катары баштап, ал жерде 1986-жылга чейин эмгектенген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.