“Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук Академиясы түзүлөт

Окуялар тизмеги 01 Фев 2019 10:20
0 ой-пикир

Бүгүн, 31-январда Президент Сооронбай Жээнбеков “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук Академиясын түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдирди.

Жарлыкта белгиленгендей, кыргыз тили, байыркы жана соңку тарых учурда жана келечекте кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүнүн руханий негизин түзүп, жаш муундарды тарбиялоодо адеп-ахлактын өзөгү жана карманган жолу болушу керек. Академияны түзүү тууралуу чечимди кабыл алууда 2018-жылдагы Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучуларынын кайрылуусу эске алынды.

Академиянын ишинде “Манас” эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган баалуулуктарды жайылтууга илимий-техникалык конференцияларды, долбоорлорду, конкурстарды, симпозиумдарды жана башка иш-чараларды уюштуруу сунушталды.

Ошондой эле мезгилдүү жана сериялык тематикалуу басылмаларды чыгаруу, аудио-визуалдык, окутуучу-агартуучу, таанып билүүчү материалдарды даярдоо камтылды.

Эске салсак, Президент Манас жана Айтматов академиясын түзүү чечими кабыл алынганы жөнүндө 2018-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган жыйында билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.