Президентке 2018-жылы 17 827 жарандан кайрылуу түшкөн

Окуялар тизмеги 28 Янв 2019 14:54
0 ой-пикир

Президенттин аппаратына 2018-жылы жазуу жүзүндө, коомдук кабылдамалар жана “ишеним телефондору” аркылуу 17 827 жарандан кайрылуу түшкөн.

Эң көп арыз-дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан — 5422 (38,2%) болгон. Ошондой эле КМШ жана башка өлкөлөрдөн 485 жарандын кайрылуусу катталган. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Сот жана укук коргоо органдарынын иши боюнча 6487 кайрылуу болуп, ал 45 пайызды түзгөн. Өкмөттүн ишине байланыштуу 3357 кайрылуу болгон.

Андан тышкары жергиликтүү бийлик органдарынын ишине байланышкан 1549, мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча 552 кайрылуу түшкөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.