Президент бир катар өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилерин кабыл алды

Окуялар тизмеги 25 Янв 2019 17:33
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-январда Украина, Индия, Куба Словакия жана Ливандын толук жана ыйгарым укуктуу элчилеринин Ишеним грамоталарын кабыл алды.

Мамлекет башчы Элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, алардын өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошууга ишенимин билдирди.

Жээнбеков эки тараптуу кызматташуунун саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкта Кыргызстан айыл чарба, транспорттук жана авиа байланыштар, туризм, жеңил өнөр жай, билим берүү, медицина, илим жана техника, өлкөнү санариптештирүү тармактарында мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Мындан тышкары мамлекет башчысы ЕАЭБ жана Кыргызстандын ВСП+ макамынын алкагында кызматташтыкты тереңдетүүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу эске салды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.