Ошто жети миң иш орундуу фабрика курулууда

Окуялар тизмеги 10 Дек 2018 11:15
0 ой-пикир

Ошто жети миң адамды жумуш менен камсыздай турган ишкана курулуп жатат. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өткөн аптада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кең-Сай конушунда аялдардын жана эркектердин кийими тигиле турган фабриканын курулушун көрүп келди. Анда пахта тазалоо, жип жана кездеме өндүрүү, тигүү цехтери болот.

Өндүрүштү келерки жылдын биринчи декадасында баштоо пландалууда.

Жети цех иштей турган фабриканын курулушу үчүн 25 гектар жер бөлүнгөн. Долбоордо жумушчулар үчүн үй, бала бакча, окуу борборун жана парк куруп берүү да каралган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.