Тарых сабактары. Көрүнүктүү саясатчы жана дипломат тууралуу

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 14 Июн 2021 17:10
0 ой-пикир

Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Биз Чыңгыз Айтматовду жазуучу, ойчул, айрым учурларда коомдук ишмер катары карап көнүп калганбыз. Бирок андан саясатчыны көрүшкөн жок, анткени СССРде КПСС БКнын мүчөлөрү жана анын башкы секретары саясатчы катары саналып келген. А чын-чынына келгенде көз карандысыздыкты алууда жана кайра курууда анын салымы зор болгон. Ал өзү ойлонгон, жазган, кыялданган, өзүнүн стандарттуу эмес чыгармачылыгы, дүйнө таанымы, мамилеси менен жакындаткан өзгөрүүлөрдүн мезгили акыры келди, бирок ишке ашпай жатат.

Азыркыга чейин дүйнөнү өзгөртүүдөгү анын ролу баалана элек. 1986-жылы октябрда ал СССРдеги кайра куруу жылдарынын башында Батыштан жана Чыгыштан келген белгилүү интеллектуалдардын башын бириктирген эл аралык Ысык-Көл форумунун демилгечиси болгон.

Алардын арасында дүйнөгө таанымал жазуучулар, актерлор, сүрөтчүлөр, окумуштуулар жана коомдук ишмерлер болгон. Жазуучу жана аткер Питер Устинов (Улуу Британия), футурологдор — окумуштуу Олвин жана Хейди Тоффлер (АКШ), сүрөтчү Афеверк Текле (Эфиопия), Рим клбунуну төрагасы Александр Кинг, жазуучу, Нобель премиясынын лауреаты Клод Симон (Франция), америкалык жазуучулар Артур Миллер жана Джеймс Болдуин, Лисандро Отеро (Куба), Яшар Кемаль (Түркия), ЮНЕСКОнун башкы катчысы Федерико Майор (Испания), физик Аугусто Форти (Италия), түрк композитору Йомер Зюльфю Ливанели ж.б.

Бул буга чейин Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек), андан кийин Ысык-Көлдүн жээгинде Чолпон-Ата шаарында өткөн болуп көрбөгөндөй тарыхый доорду жараткан окуя жана СССР менен Батыштын ортосундагы “кансыз согуштун” аякташы үчүн абдан маанилүү маданий иш-чара, жана мурда душмандашып келген эки дүйнөнүн кызматташтыгынын башаты болгон.

Форумда жалпы адамзаттын келечеги жөнүндө алгачкы дебаттар болуп, анын президенти болуп дүйнөлүк авторитет жана ой жүгүртүүсү кенен гуманист жазуучу Чыңгыз Айтматов шайланды.

Жазуучулар жана акындар бардык мезгилдерде элдин абийири, анын эзелтен бери келе жаткан тилектери менен сезимдеринин ачыктоочулары болушкан. Эгерде жанында репрессияланган атанын уулу жана репрессияланган элдин урпагы болгон Айтматовдой инсандар болбосо, Михаил Горбачев бул дүйнөнү жалгыз өзгөртө алмак эмес. Ал биринчи советтик жазуучу — дүйнөнүн жараны болгон, анын кыргыз тилинде жазылган адабий мурасы бардык жерде жан дүйнөгө жакын кабыл алынып келген.

Көз карандысыздыктын алгачкы жылдары ал батыш дүйнөсүнүн жүрөгү болгон Люксембургда, андан соң Брюсселде СССРдин атынан чыгып, каршылаш цивилизациялардын ортосунда диалог курууга чоң салымын кошкон. Биздин чакан элчиликти дүйнөлүк тартуу борборуна айландырды.

16-кылымдан бери дүйнөлүк цивилизациянын борбору болгон, көптөгөн генийлер, белгилүү жаратуучулар туулган, Самарканд Менен Бухара заманбап Нью-Йорк менен Париждей болгон Улуу Жибек Жолунун оту өчкөндөн бери Чыңгыз Айтматов сыяктуу ойчул, жазуучу, саясатчы, дипломат туула элек.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алдында Чыңгыз Айтматов орденин негиздеп, аны өлкөнүн жана дүйнөнүн эң көрүнүктүү жарандарына тапшыруу маанилүү деп эсептейм.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.