COVID-19 пандемиясы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын жашоосуна кандай таасир берди. Изилдөө

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 27 Июл 2021 18:16
0 ой-пикир

COVID-19 пандемиясы бардык өлкөлөрдүн саясий жетекчилигин өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын кайра карап чыгууга мажбур кылды жана жарандык коом да өзгөрдү. ЕАЭБ өлкөлөрүндө абал кандай?

Социологиялык илимдердин кандидаты, доцент, башкы илимий кызматкер, Россия илимдер академиясынын Федералдык илимий-изилдөө социологиялык борборунун Социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун окумуштуу секретары Ирина Шушпанова эл аралык «МедИАЦия» программасынын ачык лекциясы учурунда Россия илимдер академиясынын Федералдык илимий-изилдөө социологиялык борборунун Социалдык-саясий изилдөөлөр институту тарабынан Арменияда, Казакстанда, Кыргызстанда жана Россияда сурамжылоо аркылуу жүргүзүлгөн социалдык мониторингдин жыйынтыктары менен тааныштырды. Ia-centr.ru порталынын редакциясы респонденттердин айрым жоопторун кыскача баяндады.

Жеке жашооңузду жана үй-бүлөңүздүн жашоосун эмне татаалдаштырып жатат?

Изилдөөгө катышкан өлкөлөрдүн жарандары үчүн эң башкы көйгөй товарларга жана кызматтарга болгон баанын өсүүсү экенин айтышкан. Сурамжылоого катышкан эки өлкөнүн жарандары бул көйгөй олуттуу экенин айтышкан: Казакстан59% , Кыргызстан68%. Жарандардын жашоосун татаалдаштырган аспекттердин ичинен Covid-19 пандемиясы экинчи орунла турат. Ошондой эле жарандар коррупциянын көптүгүн, бюрократия (орточо эсеп менен сурамжылоого катышкандардын 40%ы) жана экологиялык абалдын начарлоосу дагы олуттуу көйгөй экенин белгилешкен. Саясий жана диний экстремизмдин жайылуусу, улуттук маданияттын жоголуп бара жатканы көр чочулоо жаратпай турганы белгилүү болду (7%дан көп эмес).

Өлкөнүн учурдагы экономикалык абалын кандай баалайсыз?

Сурамжылоого катышкандардан Казакстандын 13,1%, РФнын 9%ы, Кыргызстандын 4,9%ы, Армениянын 1,9%ы өлкөсүндөгү экономикалык абал тынч жана жагымдуу деп санашат. Ал эми чыңалуу (кризистик) абалдабыз дегендер дээрлик бирдей болду – сурамжылоого катышкандардын 70%ы. Армениядан катышкандардын 21,7%ы абал жарылууга жеткени калды дешсе, Эң аз тынчсыздангандар

Казакстандын жарандары — 7,6%.

Сиздин өлкөңүздүн бийлик органдарынын коронавируска каршы күрөшүү иш-аракеттерине кандай баа бересиз?

Бул суроо боюнча пикирлер ар түрдүү болду. Казакстандан, Кыргызстандан, Армениядан сурамжылоого катышкандардын 20-26%ы бардык керектүү чаралар көрүлдү деген пикирде. Көпчүлүк, болжол менен 59%ы тиешелүү чаралар көрүлгөн жок деген пикирде. Россиянын жарандарынын берген жооптору өтө айырмаланып турат. Респонденттердин 12%ы гана көрүлгөн чаралар боюнча жакшы жооп берген, 30%ы көрүлгөн чаралар ашыкча деген пикирде.

Коронавирус инфекциясынын жайылышы жана үйдөн чыкпай отуруу режиминде сиз жана сиздин үй-бүлөңүз кандай көйгөйлөргө туш болдуңуз?

Кирешенин азайуусу же аны жоготуу, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулашы негизги көйгөй экени белгилүү болду. Сурамжылоого катышкандардын жообуна ылайык, COVID-19 пандемиясынын айынан кирешенин азайуусу же аны жоготуу болгонун Армениянын, Казакстандын жарандары айтса, Казакстандыне жана Кыргызстандын жарандары товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулаганын билдиришкен. Сурамжылоого катышкандардын 35%га жакыны аралыктан иштөөдө, окууда жана медициналык жардам алууда кыйынчылыктар жаралганын белгилешкен.

Коронавирус пандемиясы менен байланышкан төмөнкү окуялардан жана кубулуштардан канчалык деңгээлде коркосуз?

Кыргызстандын жарандарынын көбү COVID-2019 вирусуна каршы милдеттүү түрдө вакцина алуудан чочулап жатышса, Казакстандын жарандары тескерисинче көп чочулашпай турганын билдиришкен. Инфляция, баалардын жогорулоосу жана маянанын кыскаруусу сурамжылоого катышкандардын көбүн чочулаткан — 65-70%. Кыргызстандын жана Армениянын респонденттери көбүрөөк тынчсызданышууда. Эс алууга чыгып, сапаттуу эс ала албай калабыз деп кабатыр болгондор аз болуп чыкты: Армениядан сурамжылоого катышкандардын 41,5%ы бул маселеде чочулоо деле жок экенин айтышкан, Казакстандан жана Россиядан сурамжылоого катышкандардын 35%ы, Кыргызстандын 27,6%ы бул маселеде тынчсыздануу жок экенин билдиришкен.

Пандемия боюнча кандай ой-пикирлерге макулсуз?

Респонденттердин көбү пандемия глобалдык кризиске алып келүүдө, банкрот болгон компанияларды ири бизнес кылгандар сатып алуу үчүн колдонот деген пикирде — 80-85%. Фармацевттик компаниялар генетикалык жана социалдык кесепеттер кандай болорун билбестен эле изилдөө жүргүзүп жатышат деген ой-пикирлер басымдуулук кылат. Казакстандын респонденттеринин 56%ы, ал эми Кыргызстандын респонденттеринин 74%ы ушундай пикирде. Сурамжылоого катышкандардын 70%га жакыны пандемия көзөмөлсүз миграция жана туризмдин натыйжасында пайда болду деген ойдо. Пандемия коомго саясатчылар жана ири ишкерлер тарабынан өз кызыкчылыктары үчүн таңууланган миф, ал эми Covid-19 карыларды жок кылуу үчүн дүйнөлүк коомчулук тарабынан атайын ойлоп табылган деген пикирлер четке кагылууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.